(Кыргыз) Эмдөөдөн кийин бала төрөөдө маселелер жаралуудабы? Текшеребиз

011032

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Өнүккөн өлкөлөрдө эмделген адамдардын бардыгы балалуу боло албай жаткандары, балдар төрөлсө да, алар өлүк төрөлүп жаткандыгы жөнүндө маалымат коомдук тармактарда таратылып жатат. Кайсы вакцияна тууралуу сөз болуп жаткандыгы такталбайт. Factcheck.kg’нин редакциясы вакцина ушундай кесепеттерге алып келе алабы, же жокпу, текшерип көрдү.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) маалыматы боюнча, боюнда бар аялдарды эч нерседен коркпой эмдесе боло турган вакцинардын катарына COVID-19, селеймеге, клеткасыз көк жөтөлгө (Tdap) жана сасык тумоого каршы вакциналар кирет.

Вакциналар коопсуз жана эффективдүү

Преквалификация боюнча программа Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) программасы болуп эсептелет, ал эми БДСУ аны координациялап келет. БДСУнун преквалификация процедурасы бардык өлкөлөргө бериле турган дары-дермектер, вакциналар жана медициналык продуктылардын башка түрлөрү сапаттуу, коопсуз, эффективдүү жана калктын бардыгына жеткиликтүү экенин тастыктайт.

Вакциналардын компоненттери коопсуз жана алардын курамында токсиндер же тыюу салынган заттар жок, ошондой эле алар дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Ислам Шариатына кирген өлкөлөрдө да (Сауд Арабиясы, Түркия ж.б.) кеңири колдонулуп келет. Кыргыз Республикасындагы эмдөөлөрдүн календарына жараша ар бир вакцинанын курамы менен Республикалык эмдөө борборунун сайтынан таанышса болот. Аны үчүн вакцианын аталышын басуу керек.

Вакциналар бардык эле дары-дермектер сыяктуу эмдөөдөн кийин 2-3 күндүн аралыгында өзү эле жок болуп кете турган жагымсыз реакцияларды жаратышы мүмкүн. Жагымсыз реакциялардын аздыгы же чоңдугу ар бир адамдын организминин өзгөчөлүгүнө жараша болот жана аларды алдын ала айтууга мүмкүн эмес.

Адатынча бул жалпы (дене табынын 37-38.50 градуска чейин көтөрүлүшү, тынчсыздануу, табиттин жоктугу, ооруксуу) жана кайсы бир жердеги (кызаруу, ооруксуу, укол сайган жерди катууланышы) вакциналык реакциялар болот. Бардык реакциялар 2-3 күндөн кийин өзү эле өтүп кетет.

Эмдөөдөн кийинки олуттуу терс көрүнүштөр өтө сейрек кездешет.

Эмдөө алдын алган оорунун кесепеттери эмдөөдөн кийинки реакцияларга караганда алда канча олуттуурак жана коркунучтурак.

Вакцина кош бойлуулардын организмине кандай таасир этет?

Кызамыкка каршы эмдөө

Аял кош бойлуу учурда кызамык менен ооруп калса, вирус төрөлө эле балага да жугуп, кийин дүлөйлүккө, жүрөк дартына жана катарактага алып келиши ыктымал. Муну тубаса кызамык синдрому деп коюшат.

БДСУнун маалыматы боюнча, кош бойлуу болгонгон чейин эмдөөдөн өткөн оң болот.

Кызылчага каршы эмдөө

Кызылчага каршы эмдөө 1960-жылдардан бери кеңири жүргүзүлүп келет, жылына миллиондогон адамдар коопсуз эмделип турат.

Республикалык эмдөө борборунун маалыматы боюнча, өлкөбүздө колдонулуп жаткан вакциналар улуттук талаптарга жана БДСУнун сунуштарына, ошондой эле GMP эл аралык стандарттарына (тийиштүү өндүрүш шарттарына) жооп берип, БДСУнун преквалификция процедурасынан өтүшкөн.

Кызылчага каршы вакцина өтө сейрек учурда баланын ара же өлүк төрөлүшү ыктымалдыгын жогорулатышы мүмкүн. Ошону үчүн кош бойлуу болгонго чейин эмдөөдө өтүү сунушталат.

Көк жөтөлгө жана селеймеге каршы эмдөө

БДСУнун билдирүүсүндө, кош бойлуулардын эмдөөдөн өтүшү баланы көк жөтөлдөн коргоонун эң жакшы жолу болуп эсептелет.

Уюм эне мурда көк жөтөлдөн эмделген болсо да 2- же 3-триместрде, төрөткө чейин 15 күн мурдараак АбКДС-М вакциансынын бир дозасын (курамында клеткасыз көк жөтөл компоненти, селейме жана дифтерия анатоксиндери бар) алууну сунуштайт. Бул эненин курсагындагы балада иммунитеттин жаралышына алып келет жана бала төрөлгөндөн кийинки биринчи жумаларда аны бул оорулардан коргоого жардам берет. 6-8 жумадан кийин бул инфекцияларга каршы эмдөөлөрдү жүргүзсө болот.

Сасык тумоого каршы эмдөө

Эгер эне сасык тумоо менен ооруу күчөгөн учурда кош бойлуу болсо, сасык тумоого каршы эмдөө бул оорудан сактануунун натыйжалуу жолу болуп эсептелет. Андан сырткары эненин иммунитети балага да өтөт жана ал төрөлгөндөн кийинки алгачкы күндөрдө ымыркайды инфекциялардан коргоп калышы мүмкүн.

COVID-19га каршы эмдөө

Эне кош бойлуу кезинде COVID-19 таажычан вирусун жуктуруп алган болсо, бул оорунун катуу формада өтүшүнүн жана ара баланын төрөлүшүнүн ыктымалдыгын жогорулатат. COVID-19га каршы вакцина коопсуз жана оорунун катуу формада өтүшүнүн алдын алат.

Ошондой эле COVID-19га каршы вакцина адамдын жынысына жана гендерине карабай анын фертилдүүлүгүнө таасир этпейт.

«Вакцина организмдин иммун системасына таасир этет, репродуктивдүү органдарга тийбейт. COVID-19га каршы вакциналарга байланыштуу балалуу болгусу келген түгөйлөрдүн арасындагы клиникалык изилдөөлөр көрсөткөндөй, COVID-19га каршы эмделгендер менен эмделбегендердин арасында кош бойлуу болгондордун саны бирдей болгон», – деп билдирет Вашингтон штатынын Саламаттык сактоо департаменти.

Вакциналар кантип иштелип чыгат?

Эскерте кетсек, эң көп колдонулган вакциналар ондогон жылдар мурда эле иштелип чыккан жана жылына миллиондогон адамдар алар менен эч коркунучуз эмделип турат. Бардык дары-дермектер сыяктуу эле ар бир вакцина колдонууга берилердин алдында коопсуздугуна кеңири тестирлөөдөн өтөт.

Ар бир иштелип жаткан вакцина текшерүүлөрдөн, изилдөөлөрдөн өтүп, иммундук реакция жаратуу үчүн кайсы антиген керек экендиги аныкталат. Бул клиникага чейинки изилдөөлөр фазасы адамдардын катышуусуз өтөт. Эксперименталдуу вакциналар алардын коопсуздугун жана оорунун алдын ала тургандыгын аныкташ үчүн алгач жаныбарларда тестирлөөдөн өткөрүлөт.

Эгер вакцина иммундук реакцияны жаратса, адамдардын катышуусундагы үч фазадан турган клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлөт.

Вакцина колдонула баштагандан кийин такай мониторинг жүргүзүлүп турат. Бардык вакциналардын коопсуздугун жана натыйжалуулугун аныктоо боюнча мониторинг системалары бар. Бул окумуштууларга вакциналар көп убактан бери кеңири колдонулуп келген учурда да алардын натыйжалуулугуна, коопсуздугуна байкоо жүргүзүп турганга мүмкүнчүлүк берет. Бул маалыматтар вакциналардын колдонулушун оптималдаштыруу жана аларды колдонуунун коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүү максатында вакциналарды колдонуу саясатын жөндөп туруу үчүн колдонулат.

Тыянак: Жарым-жартылай чындык. Чынында, айрым вакциналар аны менен кош бойлуу кезде эмделсе өтө сейрек учурларда баланын өлүк төрөлүшүнө же башка паталогияларга алып келиши мүмкүн. Бул кызамыкка жана кызылчага каршы вакциналарга байланыштуу. Ал эми башка вирустарга каршы вакциналар менен кош бойлуу болгон кезде да коопсуз эмделе берсе болот.