(Кыргыз) Кыргызстанда адискөй троллдордун фабрикасы

(Кыргыз) Фейк ньюс, троллдордун фабрикасы, маалыматтык согуш. Бул сөз айкалыштары Кыргызстан үчүн чоочун болбой калды. Биз сиздерге Самат Муктаров аттуу фейк аккаунтунун мисалында бирөөнү мактоо же каралоону атайын жумуш кылып иштеген адискөй адамдар бар экендигин көрсөтүп беребиз.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда кайсы бир компания, саясатчы жана позицияны сизге жеткирүү менен алектенип ушул жумушту кесип кылган аккаунттарды билгиңиз келеби? Бул үчүн сизге адистештирилген stalkscan.com сайты жардамга келет.

Бизди кызыктырган  Самат Муктаров аттуу аккаунт ушул жылдын фефраль айында катталган.  Туулган жылы 1989 -жылдын февралы деп көрсөтүлгөн. Биринчи караганда эч шек жаратпайт. Фейсбук социалдык тармагында 181 досу бар аккаунттун сүрөтүндө азият улутундагы жаш жигит чагылдырылган.  Бирок анын хроникасындагы маалыматтарды аңдасак, мурунку жана азыркы президент тууралуу саясий түскө боелгон макалалар жайгаштырылган.

Бул аккаунттун фейк экендигин анын сүрөтүнөн аныктадык. Бул үчүн yandex сүрөт издөө функциясын колдондук.  Адамды сүрөтү боюнча издеген fndeface.ru ресурсу жабылгандан бери google жана башка ресурстарга караганда yandex жалгыз иштеген акысыз ресурс бойдон кала берет.

Facebookтун башкалардан өзгөчөлүгү колдонуучунун хроникасында ал кайсы топтор же баракчаларга кирип кандай макалалар менен бөлүшүп жаткандыгын көрүүгө болбойт.  Мындай учурда stalkscan.com ресурсунун жардамы менен бардык аспектилерде аккаунттун активдүүлүгүн карайбыз. Төмөнкү видеодо көрүнүп тургандай, Самат Муктаров бир күндө ар түрдүү топторго эң аз дегенде  үч макала жана бир демотиватор  калтырат.

Колдонуучулар көбүнчө баштапкы булагына көңүл бурушпайт. Адатта булакка шилтеме көрсөтүлүп турган маалыматка ишеним бар. Бирок биздин учурда эмес. Үч макала тең  telegra.ph ресурсунда жайгаштырылган. Бул сайтта каалагандардын бардыгы анонимдүү түрдө макала киргизе алышат.  Буга ылайык, мындай маалыматка ишеним жокко эсе.

Самат Муктаров аккаунтун жамынган адам Фейсбукта макалаларды 16 -марттан баштап иш күндөрү гана жайгаштырып келет жана ал материалдарды кыргыз тилдүү топтордо(орто эсеп менен 6-7 топто)гана жайылтат.  Ал эми сырткы сайттардан (не telegra.ph),  maalymat.kg, president.kg сайттарынын макалалары таратылат. Майрам жана эс алуу күндөрү Самат Муктаров айлык алып иштеген адамдарга окшоп эс алат, башкача айтканда бул күндөрү анын хроникасында эч кандай материал жарыяланбайт.

макала саны бөлүшүүлөр саны
16 март 3 4
17 март 3 17
эс алуу күндөрү
19 март 1 2
20 март 6 14
Нооруз
22 март 2 4
23 март 3 15

Өз кезегинде Самат Муктаров жарыялаган маалыматтарды Фейсбукта байма-бай түрдө Акылай Турдуева, Айгуль Ишенбек кызы Сатыкеева, Азат Сыдыков, Эдил Азимов аттуу аккаунттар өздөрүнүн жана башка баракчаларда бөлүшүшөт.

Бул троллдор командасы жалгыз эмес. Фейсбукта алардын оппонентери көп, алар: Турсун Абакиров, Сергей Вольф, “Антиклан” баракчасы, Любовь Губина аттуу колдонуучулар . Бул аккаунттар тескерисинче Алмазбек Атамбаевди мактап, Сооронбай Жээнбековду каралаган материалдарды жайылтышат.