(Кыргыз) Сауд университетинин профессору өлүм жазасына тартылдыбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Twitter коомдук тармагын жана WhatsApp мессенджерин колдонгондугу үчүн сауд университетинин профессору өлүм жазасына тартылды деген маалымат коомдук тармактарда таркатылууда.

“Реформаларды колдогон сауд университетинин профессору Авад Аль-Карни Twitter жана Whatsapp колдонуп, бул өлкөнүн өкмөтү “кастык” деп баалаган жаңылыктарды таркаткандыгы үчүн өлүм жазасына тартылды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматтын аныктыгын текшерди.

The Guardian маалыматына ылайык, Сауд Аравиянын прокуратурасы чынында эле коомдук тармактарды колдонгондугу үчүн профессор Авад Аль-Карниге өлүм жазасын талап кылууда, бирок сот өзүнүн расмий чечимин чыгара элек.

Соттук документтерде Twitter коомдук тармагында аккаунту бар, королдукка “кастык” маанайдагы деп бааланган жаңылыктар менен бөлүшкөнгө WhatsApp колдонгон деп тагылып жаткан кылмыштары үчүн ал өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экени айтылат.

Сауд Аравиясынын ЖМКларында Аль-Карни катаал динаятчы деп сыпатталат.

Өз кезегинде укук коргоочулар Аль-Карни Twitter тармагында 2 млн жазылуучусу бар, маанилүү жана кадыр-барктуу интеллектуал экенин айтышат.

Эскерте кетсек, профессор 2017-жылдын сентябрында камакка алынган. Кийинчирээк 2019-жылы ал өлүм жазасына тартылары жана ушул эле жылы ыйык Рамазан айынан кийин өлүм жазасы ишке ашырыла тургандыгы айтылган.

Тыянак: жарым-жартылай чындык. Бул материал жарыяланган учурда профессор Авад Аль Карни камак алдында болуп, сот өз чечимин чыгара элек болчу.