(Кыргыз) “Эссенциал Форте” дарысынан бош капсулалар чыктыбы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

14-мартта Facebook социалдык тармагында “Эссенциал Форте Н” дарысы тууралуу видео тарады. Тасмадагы белгисиз айым капсуланы ачып, анда эч нерсе жок экенин көрсөтөт.  

 

Factcheck.kg окуянын чоо-жайын териштирип көрдү. 

Тасмадагы дарыны “Санофи Россия” акционердик коому чыгарат. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында айтылган

InVid куралынын жардамы менен тасмадагы кадрларды кылдат текшеребиз да, видео монтаждалбаганын аныктайбыз. Издөө системасынын жардамы менен “Эссенциал” дарысынын бош капсулалары тууралуу интернет желесине бир нече жылдан бери талкуу жүрүп атканы да белгилүү болду.  

Мындай маалыматтын көбүндө YouTube хостингиндеги видеолорго шилтеме берилет. Тасмадагы каармандар камера алдында дарыны кутучасынан ачып, капсуланын бош экенин көрсөтүшөт. Ал эми айрым колдонуучулар, тескеринче, дарыны чыгарыш үчүн капсуланын төмөн жагынан басыш керектигин айтышкан. Бул маалымат дарынын расмий сайтында көрсөтүлгөн жана “Здоровье” аттуу телепрограммада да айтылат. 

Мындан тышкары, биз текшерген тасманын 1-мүнөтүнүн 43-секундасында ачылган капсулалардын жанында саргыч түстөгү затты көрсө болот.

Мындан тышкары, тасмадагы айым ачылган капсуланын ичин камерага көрсөтпөстөн дароо кийинки капсуланы ачып атканын көрсө болот. Ал капсуладан дары порошок түрүндө эмес болгонуна нааразы. Бирок, дары чыгарган компаниянын расмий сайтында “Эссенциал Форте” дарысы порошок түрүндө эмес, саргыч желе сыяктуу экени тууралуу маалымат берилет. Ал эми дары уйпаланып атса, демек, анын сактоо мөөнөтү өткөн жана ал жараксыз болуп калган деп маалымдалат.

Жыйынтык: жалган.  Капсуладагы дары порошок түрүндө эмес, саргыч түстөгү желе сымал. Андыктан капсуланын ичи бош деген маалымат жалган.