(Кыргыз) УКМК алдындагы криминалга каршы ыкчам топтун түзүлгөнү — фейк

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Массалык маалымат каражаттарында УКМКнын алдында ыкчам топ иштей баштагандыгы тууралуу жаңылык пайда болду. Ыкчам топ криминалдык элементтерге каршы иштери жана алар каршылык көрсөткөн учурда жок кылынары тууралуу айтылат. Бул тууралуу Vesti.kg маалымат агенттиги УКМКнын басма сөз кызматына шилтеме кылып, жарандардын кайрылуусу үчүн атайын номерди көрсөткөн.

 

Factcheck.kg маалыматтын чын-бышыгын текшерди.

Жаңылыкта көрсөтүлгөн номер кимге таандык экенин аныктоо үчүн «Кыргызтелекомдун» кызматынан пайдаландык.


 

Номер чынында эле УКМКга таандык болуп чыкты. Биз телефон чалып, байланышканыбызда, номер УКМКнын Бишкек шаары боюнча нөөмөт бөлүмүнө таандык экени айтылды. Ал эми ыкчам топтун иштегени тууралуу маалымат фейк деп билдиришти.

24.kg агенттиги да бул маалыматты фейк деп билдирген.

Жыйынтык: маалыматта көрсөтүлгөн номердин УКМКга тиешеси бар, бирок криминалдык элементтер менен күрөшүүчү атайын ыкчам топтун түзүлгөндүгү тууралуу жаңылык чындыкка дал келбейт.