(Кыргыз) Жогорку Кеңештин апрелдеги чыгымы марттыкынан 2 млн сомго көп

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

8- апрелде «Вечерний Бишкек» маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин апрель айындагы чыгымы март айына караганда 2 млн сомго көп болору тууралуу жаңылык жарыялаган. Жаңылыктын маалымат булагы катары КРнын Финансы министрлигинин сайты көрсөтүлгөн.

Окурмандар бул маалыматты тактоо өтүнүчү менен Factcheck.kg редакциясына кайрылды.

7- апрелде Финансы министрлигинин сайтында тиешелүү маалымат жарыяланганын фактчек аныктады. Сайттын “жаңылыктар” бөлүмүндө ЖКнын апрель айына карата чыгымдары тууралуу жазылган.

Анда Республикалык бюджеттин жалпы ресурсунун көлөмү 13,6 млрд сом, ал эми чыгымдары 12,6 млрд сом түзгөнү айтылат жана март айына салыштырмалуу чыгымдардын көбөйгөнү жөнүндө маалымат бар.

Ал эми Жогорку Кеңешке каралган чыгымдарга көз чаптырсак, апрель айында чынында эле март айына салыштырмалуу 2 млн сомго көп каражат сарпталары тууралуу маалымат бар.  Что касается Жогорку Кенеша, в кассовом плане за апрель месяц действительно указана сумма, на 2 млн больше, чем было указано в марте.  Андан мурунку айларда сарпталган чыгымдарды карап, январь айында да дал ушул каражат кеткенин көрө алдык.

Жыйынтык: Чындык. Жогорку Кеңештин апрелдеги чыгымы март айына салыштырмалуу 2 млн сомго көп болгон. Январь айында да ЖКга дал ушул өлчөмдөгү каражат сарпталган.