(Кыргыз) Равшан Жээнбеков: Дүйнөдө 20 өнүккөн өлкөнүн 17синде парламенттик башкаруу. – Жартылай чындык

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бул маалыматты тастыктоо үчүн биз ИДП көрсөткүчү боюнча эң алдыңкы 20 өлкөнү текшерип көрдүк. Алардын ичинен он экиси парламенттик башкаруу, экөө президенттик башкаруу, ал эми бешөөндө монархиялык башкаруу экени белгилүү болду:

Австралияпарламентик

Австрияпарламенттик

Бельгияпарламенттик

Дания – парламенттик

Ирландия – президенттик

Исландияпарламенттик

Канадапарламенттик

Катар – монархия

Кувейт – монархия

Лихтенштейнмонархия

Люксембургпарламенттик

Монакомонархия

Нидерландыпарламенттик

Норвегиямонархия

Сан-Маринопарламенттик

Сингапурпарламенттик

Соединенные Штаты Америкипрезиденттик

Финляндияпарламенттик

Швейцария – элдик башкаруу

Швецияпарламенттик

Эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктаган Швейцарияны эл башкарат. Швейцарияда маанилүү чечимдер референдум аркылуу кабыл алынат.

Өнүккөн өлкөлөрдү ар түрдүү критерий аркылуу баалап жүрүшөт. Анын ичинен ири экономика, G-20 жана башка критерийлер бар. Чынында өнүккөн мамлекеттердин көбүндө парламенттик башкаруу экени белгилүү. Бирок өлкө өнүгүшү түздөн-түз мамлекеттик башкаруудан көз каранды экенин тастыктоочу изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. 

Жыйынтык: жартылай чындык.