(Кыргыз) “Өлүп кеткиле”. Кытайдан келген мекендештерин украиналыктар кантип тосуп алган?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кытайдан келген 45 украиналык жаранды мекендештери ызырынуу менен тосуп алды. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарады.

«Жергиликтүү эл мекендештеринин кайтып келүүсүнө каршы чышып, өрттөлгөн тосмолорду тизип, автобустар тарапка таш ыргытты», – деп билдирди аnews.com  басылмасы.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/e45c0136a20a47b48f89fd22bcf3408edad95b22.png?resize=640%2C748&ssl=1

Factcheck.kg редакциясына бул маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен окурмандар кайрылды.

Алгач макалага тиркелген сүрөт аркылуу издөө салабыз. Жыйынтыгында окуя тууралуу көптөгөн басылмалар жазып чыкканына күбө болобуз. Маалыматка ылайык, жагымсыз окуя Полтава дубанында катталган.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/296878e5ff3c24a3d84f8814a2e34c993bf24264.png?resize=640%2C691&ssl=1

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/207dc69d36da236e1f97fa2d4b6a57cef2522c6e.png?resize=640%2C666&ssl=1

 

Новые Санжары аймагынын тургундары Кытайдан эвакуацияланган мекендештерин ызырынуу менен тосуп алганы тууралуу окуя чын эле катталганына күбө болобуз.  «Жаңжал 20-февралда болуп өттү, жыйынтыгында 10 адам жабыр тартты. Алардын тогузу полиция кызматкери. 24 адам камакка алынды», — деп билдирет КоммерсантЪ.

Окуя тууралуу алгач 20-февралда Украинанын Ички иштер министрлиги кабарлаган.  «Агресивдүү маанайдагы топтор жаңжалдын келип чыгышына себепкер болгондуктан, полиция массалык тартип бузуулукту күч менен токтотууга аргасыз болду», — деп билдирген ИИМ.

«Бул аймакта таң эртең менен нааразылык акциясы башталган. Жергиликтүү тургундар жолду тосуп, мекендештеринин Кытайдан кайтып келишине каршылык көрсөткөн», — деп кабарлаган BBCнин Украинадагы кызматы. Кытайдан кайтып келген Виктория аттуу айымга белгисиз адамдан «Өлүп кеткиле» деген мазмундагы билдирүү келген. Бул тууралуу Викториянын энеси ВВСге айтып берген.

Жергиликтүү жаңжал тууралуу Украинанын президентинин расмий сайты да жазып чыккан. Макалада Владимир Зеленскийдин комментарийи камтылган.

«Украина – бул Европа, бирок  Украина орто кылымда калган Европа экенин кечөөкү кырдаал ачык көрсөттү».  Владимир Зеленский

 

Президенттин айтымында нааразылык акция саясий күчтөр тарабынан атайын уюшулган:

«Акция өлкөнүн төрт жеринде жакшы уюштурулган. Алардын бири Тернопольщина. Ал жерде эмне болгонун өзүңөр жакшы билесиңер, адам баласы мындайга барат деп мен айта албайм, буга башка сөз да тапкым келбейт. Тилекке каршы, мындай нерсе болот. Менимче буга карапайым жарандардын эч тиешеси жок. Бул жалган акцияга саясий күчтөр түздөн-түз түрткү болгон», – деген Владимир Зеленский.

Социалдык тармактардагы айрым колдонуучулар президенттин пикирине кошулган.  Anews.com басылмасы алардын комментарийлерин жазып чыккан:

«Бул иш-чара атайын уюшулган жана төлөнгөн. Иш күнү кыска убактын ичинде ушунча адамды кайсы бир айылга чогултуу чын эле мүмкүн деп ойлойсуңарбы?»

 

«Ичкичтердин баарын чогултуп, аларды тойгуза ичирип, кулагына куюп койгону көрүнүп эле турбайбы. Алар  бирөө кескилегенсип, кыйкырып эле атышты. Мунун баары атайын уюшулган. Сыналгыдан көрүп отуруп, Санжарыда жалаң ичкичтер жашайт деп ойлоп кетесиң».

Жыйынтык: Чындык. Кытайдан эвакуацияланган 45 украиндик жаранды чын эле агресивдүү топ ызырынып тосуп алган. Окуя 4 жерде катталган, алардын бири Новые Санжары аймагы (Полтава дубаны). Жергиликтүү калк мекендештерине таш ыргыткан. Ал эми бийликтин айтымында акция саясий күчтөр тарабынан атайын уюшулган.