(Кыргыз) Россиялык вакцинаны Bloomberg аналитиги жактады деген маалымат жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Sputnik V вакцинасын Bloomberg басылмасынын фармацевт-аналитиги Сэм Фазели жактады. Бул тууралуу Sputnik.kg сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Сэм Фазели Sputnik V вакцинасын башка вакциналар менен салыштырып, анын артыкчылыгын белгилеген. 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү. 

8-январда Bloomberg басылмасында Сэм Фазелинин “Сиз COVID-19га каршы россиялык вакцинаны колдоносузбу?  деген макаласы жарык көргөн.  

Бирок макалада автор Sputnik V вакцинасы тиешелүү бардык текшерүүдөн өтпөгөнүн жана ага ишенүү азырынча эрте экенин бир нече жолу эскерет. Ал эми бул вакцинаны жактаганы тууралуу сөз болгон эмес. Мындан тышкары автор Sputnik Vти бир гана кытайлык CoronaVac вакцинасы менен гана салыштырган.   

Сэм Фазели материалын ЖМКларда жарык көргөн макалаларга гана таянып жазганын белгилеген. Ал илимий иштерге шилтеме берген эмес. 

Жыйынтыгында автор кытайлык вакцинага караганда россиялык вакцина натыйжалуу көрүнөрүн жана экөөнүн арасынан тандоо керек болсо, россиялыкты тандарын жазган.

Sputnik V жана CoronaVac вакциналарын текшерүүнүн жыйынтыгы бир дагы илимий ресурста жарыяланган эмес. 

 

Жыйынтык: жалган. Сэм Фазели макаласында Sputnik V вакциансын колдонууга сунуштаган эмес. Ал бир гана кытайлык вакцина менен салыштырган жана Sputnik V вакцинасы тиешелүү бардык текшерүүдөн өтпөгөндүктөн ага ишенүү азырынча эрте экенин бир нече жолу эскерген.