(Кыргыз) Дүйнөдөгү “эң бийик” секирикти текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Там үстүнөн батутка секирик жасап, андан соң бассейнге жеткен адам тартылган тасма социалдык тармактардын колдонуучуларын таң калтырды. Айрымдары каармандын кылыгын дүйнөдөгү эң бийик секирик деп бааласа, калганы тасманын анык экенине шектенди.

 

Factcheck.kg маалыматты текшерип көрдү.

invid.condat.de онлайн ресурсу аркылуу тасманын ар бир кадрын өз алдынча карап чыгабыз.

Адам там үстүнөн ылдыйды көздөй кулаган учурда, анын тулку бою жана артындагы имарат даана байкалат.

Ал көрүнүш тасманын 23-секундуна чейин уланат.

Андан соң, видеодогу кадрлар даана байкалбай калат. Ал эми адамдын тулку боюн имараттан ажыратып көрүү татаалдап, секириктин ылдамдыгы кыйла жогорулайт.

Ал канчалык бийик секирген сайын, ошончолук анын имараттан даана ажыратылышы татаалдайт.

Мындан тышкары, алгач адам батутта өйдө-төмөн секиргенин белгилейбиз.

Андан соң, вертикалдуу кыймыл жаа сымал болуп калган. Дал ошол учурда кадрдагы сүрөт ачык-айкын байкалбай калат.

Тасма каарманы баттутан секирип, бассейнге түшкүчө даана ажыратылбайт.

Мындай секирик жасоо канчалык деңгээлде чындыкка коошот? Бир бийиктиктен батутка түшүп, кайра ошол бийиктикти эч ишарат кылбастан багындыруу мүмкүнбү?

Салыштыруу үчүн боулинг шарын 45 метр бийиктиктен батутка ыргытып көрсө, ал ыргытылган бийиктиктин жарымына да жетпери аныкталат.

Ал эми тасма тартылган жерди изилдей турган болсок, алгач басссейн тарапта LAVALON  аттуу жазууну байкайбыз.

Google  аркылуу «LAVALON building» деп издөө салып, тасма Швецияда тартылганын аныктайбыз.

 

Google карта тиркемеси  аталган отель жанындагысынан эки кабатка бийик экенинен кабар берет. Башкача айтканда, каарманыбыз баштапкы секирик жасаган имараттан  батутка түшкөн соң, кыйла бийик секиргени “аныкталат”.

Жыйынтык:

Фейк. Каармандын батуттан имараттагы бассейнге түшкөндөгү кадрлары – монтаж. Автор сүрөттөр даана байкалбашы үчүн бир топ аракеттенген. Мындан тышкары, физика мыйзамдарына ылайык, алгачкы секирик жасалган имарат кийинкисинен жогорку болушу мүмкүн эмес экенин белгилейбиз.