(Кыргыз) Шакиев: “Биздегидей сөз эркиндиги дүйнөдөгү көп өлкөлөрдө жок”. КРдеги сөз эркиндигинин абалы кандай?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

11-майда КР Конституциясынын 30 жылдыгына арналган иш чарада сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деген.

Factcheck.kg редакциясы чын эле ушундайбы, же жокпу текшерип көрдү.

Шакиевдин сөзү боюнча, биздегидей сөз эркиндиги дүйнөдөгү көп өлкөлөрдө, анын ичинде кошуналарыбызда жок.

“Кеп башкада: биз аны кантип колдонуп жатабыз. Сөз эркиндигинин артында жоопкерчилик жатат. Парламентти да бүгүн сындап жатышат. Ал эмес биздин арабызда да парламентти сындагандар бар. Бардыгы каалаганын айтып жатат. Эч кимдин микрофонун өчүрбөй элебиз. Мына сөз эркиндиги. Парламентте бизде демократия. Мурагы советтик өлкөнүн биринде да биздегидей ачык парламент жок. Бул жөнүндө ачык айтышыбыз керек. Бул биздин байлыгыбыз. Эл шайлаган өкүлдөр трибунадан жакшы да, жаман да сөздөрдү айтып жатышат. Бул чоң жетишкендик”, – деп белгилеген Нурланбек Шакиев.

Кыргызстандын сөз эркиндиги рейтингинде төмөндөшү

Эл аралык “Чек арасыз репортерлор” уюму жыл сайын сөз эркиндигинин абалына сереп салып, ар өлкөдөгү журналисттердин, социологдордун жана юристтердин жоопторуна таянып рейтингди түзүп келет. Акыркы серептин жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан 2023-жылы 180 өлкөнүн ичинен 122-орунду ээлеген. Бир жыл мурда, 2022-жылы ал 72-орунда, ал эми 2021-жылы 79-орунда болгон.

Уюм өзүнүн докладында өкмөт дагы эле бардык салттуу ЖМКларды көзөмөлдөп турарын жана өз таасирин көз карандысыз ЖМКларга да тараткысы келерин белгилейт.

Андан сырткары, аткаминерлер акыркы жылдары цензураны күчөткөнгө жана сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алганга аракет кылып келишет.

“2020-жылы ишке ашпай калган аракеттен кийин 2021-жылы президент Садыр Жапаров “жалган маалыматтын” таркатылышын чектеген мыйзамга кол койгон – бул мыйзам КРдин Конституциясына жана эл аралык келишимдерге каршы келет жана сөз эркиндигин чектейт. Мындан тышкары аткаминерлер чет мамлекеттен каржылык колдоо алган көз карандысыз медиаларды “чет элдик агенттер” деп тааный турган мыйзам долбоорун киргизебиз деп коркутушууда”, – деп айтылат докладда.

Постсоветтик өлкөлөрдө сөз эркиндигинин абалы кандай?

Постсоветтик өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан ЖМКлардын эркиндиги боюнча тогузунчу орунда турат. Биринчи орунда Литва, андан кийин Эстония менен Латвия. Ал эми сөз эркиндиги боюнча антирейтингдин башында Түркмөнстан турат, экинчи орунда Орусия жана үчүнчү орунда Беларусь.

Сөз жана ЖМК эркиндигинин таасири

Дагы бир маанилүү рейтингде – экономий эркиндиктин индексинде алдыңкы орундарды сөз эркиндигинин деңгээли жогору деп эсептелген өлкөлөр ээлеп келет. Heritage Foundation изилдөө фондунун маалыматтары боюнча, Эстония – 6-орунда, Латвия – 17, Литва – 20, Чехия – 21-орунда. Ошол эле кезде Орусия 125-орунда, Беларусь – 145-орунда, Түркмөнстан – 161-орунда жайгашат.

Рейтинг жыл сайын 12 көрсөткүчтүн негизинде түзүлөт, бул көрсөткүчтөр төрт категорияга топтоштурулуп бөлүнгөн: мыйзамдын үстөмдүгү (менчик укуктары, өкмөттүн чынчылдыгы, соттук системдин натыйжалуулугу), өкмөт (мамлекеттик чыгымдар, салык жүгү, бюджеттин абалы), натыйжалуу жөнгө салуу (бизнес эркиндиги, эмгек эркиндиги, каражат эркиндиги), соода-экономий мамилелерге ачыктыгы (соода эркиндиги, инвестициялар эркиндиги, каржы эркиндиги).

Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы

2021-жылы 11-январда Садыр Жапаров президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары жарыялангандан кийинки пресс-конференцияда бийликти жана аткаминерлерди сындаган ЖМКларга кысым көрсөтпөйбү деген суроого жооп берип жатып мындай деген:

“Жок, андай болбойт. Сөз эркиндигин коргоого өзүм да кызыкдармын. Аны сөзсүз коргойм. Эгерде сиздерге кандай бир кугунтуктар болуп атса болушам”.

Эки жарым жыл өткөндөн кийин, 2023-жылдын 5-майында Конституция күнүнө карата сөзүндө ал дагы бир ирет “сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турат” деп белгилеген.

Бирок иш жүзүндө бийлик ЖМК жөнүндө жаңы мыйзамды сунуштап жатат, анда бардык веб-сайттардын Санариптик өнүктүрүү министрлигинде сөзсүз катталышы, ЖМКнын жайылтуу аймагынынын, темактикасынын, мезгилдүүлүгүнүн, максималдуу көлөмүнүн, каржылоо булактарынын көрсөтүлүшү сунушталууда.

Андан сырткары Ленин райондук соту “Азаттык радиосун” жабуу тууралуу чечимин чыгарды.

Андан мурдараак адам укуктары боюнча эл аралык Amnesty International уюму Кыргызстан өкмөтүнүн “Азаттык радиосун” жабышы “өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына катуу сокку болот” деп эскерткен.

Дагы эскерте кетсек, иликтөөчү журналист Болот Темиров өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары өлкөнүн чегинен чыгарылган болчу. Ага ID-картаны алыш үчүн аскер билетин мыйзамсыз колдонгон жана өздүк күбөлүктү мыйзамсыз түрдө алган деген күнөө коюлган.

Тыянак: Эл аралык “Чек арасыз репортерлор” уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда сөз эркиндигинин деңгээли 2023-жылы 50 пункта төмөндөгөн, өлкөбүз 122-орунду ээлеп, абал “татаал” деп бааланган. Постсоветтик өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан 9-орунда. Бирок коңшу өлкөлөр менен салыштырмалуу Кыргызстандагы сөз эркиндигинин деңгээли жогору.