(Кыргыз) Жибектен тигилген беткаптар коронавирустан жакшы коргойбу?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Жибек беткаптары башка материалдан жасалган беткаптарга салыштырмалуу инфекциядан коргоо артыкчылыктарына ээ. Мындай маалымат үстүбүздөгү жылдын күз айларында социалдык тармактарда жана маалымат агенттиктеринде пайда болду.

Маалыматта жибек микробдорго туруштук берген касиетке ээ жана вирусту өткөрбөй кармап калат деп айтылат. Буга жибектин курамындагы жез себепкер болору жазылган.

Factcheck.kg маалыматтын чын-бышыгын теришитирип көрдү.

Жибек тууралуу макалалардын баарында маалымат булагы катары 2020-жылдын 18-сентябрында PLOS one илимий журналында жарык көргөн калифорниялык окумуштуулардын лабороториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары көрсөтүлгөн.

Сентябрь айында аталган журналда “Жибек кездеменин касиеттерин изилдөөчү лабораториялык изилдөө, анын жеке коргонуу шаймандарынын потенциалын баалоо жана COVID-19 пандемиясы учурунда бетти коргоонун функционалдык материалы” деген изилдөө жарыяланган.

“COVID-19 пандемиясынан улам N95 респираторлорунун жана бир жолу колдонулуучу хирургиялык маскалардын жетишсиздиги көптөгөн медициналык кызматкерлерди маскаларды мүмкүн болушунча узак мөөнөткө колдонууга мажбур кылды.  Мындай тартыштыктан улам адамдар кадимки кездемелерден жасалган беткаптарды көп колдонушат. Биздин максат кайсы кездемелер эки учурда тең натыйжалуу болорун аныктоо”- деп айтылат Риверсайд окумуштууларынын изилдөөсүндө.

 

 

Окумуштуулар ар түрдүү кездемеден (пахта, полиэстер, жибек) жасалган беткап аркылуу вирустун өтүшүн изилдеген. Мындан тышкары, беткаптардын абаны өткөрүү жөндөмдүүлүгү жана бир нече жолу жуугандан кийинки абалы иликтенген. Жыйынтыгында жибек абаны жакшы өткөрүп, сууну тосуу артыкчылыгына ээ экендиги аныкталган.

Мындан тышкары, жибектин курамында жез бар болгондуктан, бул кездемеден жасалган беткаптардын микробдорго, вируска жана бактерияга каршы касиеттери бар экендиги аныкталган.

Ал эми башка коргонуучу каражаттарга жез кошуу зарыл экен. Бул кошумча каражатты талап кылары белгилүү. Изилдөөнүн жүрүшүндө бардыгы болуп 16 түрдүү кездеме текшерилген. Алардын көзөнөктүүлүгү (%), жоондугу (мм) жана жиптин диаметри (мм) текшерилген.

Бирок, мындай жыйынтыктарга карабай, окумуштуулар кошумча клиникалык изилдөөлөр талап кылынарын баса белгилеген.

Жыйынтык: лабораториялык изилдөөлөрдө калифорниялык окумуштуулар жибектин натыйжалуу касиеттерин ачышты, бирок аларды далилдөө үчүн кошумча клиникалык изилдөөлөр талап кылынат.