(Кыргыз) Митингге канча адам катышты?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

5-октябрда “Ала-Тоо” аянтында оппозициялык партиялардын тарапкерлери уюштурган митинг болуп өттү.  Акциянын катышуучулары парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды.

Factcheck.kg редакциясы митинг катышуучуларынын санын аныктап көрүүнү чечти.

Эске салсак, буга чейин редакция коррупцияга каршы болуп өткөн митингдин катышуучуларынын санын эсептеген.  Ал үчүн  Герберт Джейкобстун формуласын пайдаланган. Бул формулага ылайык, эл өтө жыш жайгашкан жердин чарчы метрине 4,3 адам туура келет. Эгер адамдар жыш жайгашып, бирок алардын арасынан өтүү мүмкүн болсо, бир чарчы метрге 2,4 киши, ал эми митингчилердин ар бири кол сунууга мүмкүн болгон аралыкта болсо, чарчы метрге 1 адам деп эсептелинет.

Акция учурунда тартылган сүрөттөрдө эл жыш жайгашканын көрсө болот.

Ала-Тоо аянтында орнотулган SaimaTelecom камерасынын жардамы менен митингчилер ээлеген жалпы аянтты аныктайбыз.

Мындан тышкары, Sputnik.kg агенттиги дрон менен тарткан сүрөттөрүнө көз чаптырабыз.

Ушул сүрөттөр аркылуу эл жыш жайгашкан аймакты аныктайбыз жана анын болжолдуу аянтын Google Earth тиркемеси аркылуу эсептеп чыгабыз.

Аталган тиркеме митингчилер ээлеген аймактын болжолдуу аянты 6 миң чарчы метр экенин көрсөттү.

Ал эми киши жыш жайгашкан аймактын болжолдуу аянты 1600 чарчы метрди түздү.

Жогоруда айтылган Джекобстун формуласына ылайык, адамдар жыш жайгашкан жерде бир чарчы метрге 2,4 адам туура келет деп эсептейбиз:

1618 м2 * 2,4 = 3 883 адам

Калган аймактын бир чарчы метрине бир адам туура келет деп эсептейбиз.  Ал аймак 4300 чарчы метрди түздү.

Аныкталган эки аймактагы адамдардын санын кошуп, митингге жалпы жонунан болжолдуу түрдө 8 миң адам катышты деген жыйынтыкка келебиз.

Жыйынтык:  Герберт Джейкобстун формуласына ылайык, 5-октябрь күнү борбордук аянтта болуп өткөн митингге болжол менен 8 миң адам катышкан.