(Кыргыз) Садыр Жапаровдун учагы канча турушу мүмкүн? Factcheck

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Мамлекет башчынын пресс-катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаров иш сапарлар үчүн учакты лизингге (лизинг – бул бир кезде ижара дагы, максаттуу насыянын бир түрү дагы, ред. түш.) алууну пландап жаткандыгы, ошону үчүн президенттин тесттик учуулары акысыз экендиги тууралуу бир нече жолу билдирген болчу.

Factcheck.kg редакциясы сатып алууга канча каражат кетээрин аныкташ үчүн мамлекет башчы учкан бардык учактардын болжолдуу бааларын аныктап чыкты.

Белгилей кетүүчү жагдай, мамлекет башчынын басма сөз кызматы келечектеги сатып алуунун баасын эч ачыктабайт.

Биздин талдоо көрсөткөндөй, коомчулукка беш жеке менчик учакта учуулар гана белгилүү болгон.

Садыр Жапаров үчүн ижарага алынган учактардын бири – Embraer Legacy 600. президент бул учак менен Астанага жана Катарга учуп барып келген.

Бул бразилиялык Embraer авиакурулуш компаниясы тарабынан өндүрүлгөн учак. 2001-жылдан бери чыгарылат. Сыйымдуулугу 13 адам. 6 миң км алыстыкка уча алат, ылдамдыгы – 834 км/саат. Болжолдуу баасы $26 млн. 2009-жылы өндүрүлгөн учактын баасы $18.9 млн түзүшү мүмкүн.

Эки жолу – Глазгого жана Пекинге – Садыр Жапаров Embraer Lineage 1000 учагында учуп барган.

Embraer Lineage 1000 – бизнес-класстагы реактивдүү учак. Ал дагы Embraer авиакурулуш компаниясы тарабынан Бразилияда чыгарылат. Жогорку ылдамдыгы саатына 890 км, учуу алыстыгы 8344 км түзөт жана ичине 19 адамды батыра алат.

Lineage 1000 жаңы учагынын баасы болжолдуу 53 млн долларды түзөт. Колдонулган учактардын рыногунда ал эки эсе арзан турушу мүмкүн.

АКШга Садыр Жапаров Bombardier Global Express XRS учагы менен учуп барган.

Аталган учак 11 миң км аралыкка 904 км/саат ылдамдыкта уча алат. Ага 14 киши батат. Баасы $59 млн. Колдонулган учактар рыногунда 2010-жылы өндүрүлгөн Bombardier Global Express XRS $17.5 млн айланасында турат.

Тыянак: президенттин аппараты сатып алууну плндап жаткан учактын баасы 17.5 млн доллардан 59 млн долларга чейин турушу мүмкүн.