(Кыргыз) “Ковидге каршы эмделгендердин арасында өлүмдөрдүн саны өтө жогору, ал эми БДСУ эмдөөгө көз карашын кайра карап чыгууда”. Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

“Московский комсомолец” гезити өз материалында европалык ЖМКлар Улуубританиянын статистикалык маалыматтарына таянуу менен өлкөдө таажычан вирустан өлгөндөрдүн санын талдап чыгып, “үрөй учурган тыянакка” келишти деп билдирет. Covid-19дан өлгөндөрдүн 90%ы эмделгендер, ошол эле кезде алардын 82%ы үч жолу эмдөөдөн өткөндөр имиш.

“Журналисттердин пикиринде, бул тенденция азыркыга чейин сакталууда”, – деп айтылат материалда.

Бул макаланы 300 минден ашык адам окуганга жетишкен жана аны “Московский комсомолец” гезитине шилтеме кылып бир катар орусиялык ЖМКлар өзүлөрүндө жарыялашкан.

Factcheck.kg редакциясы макаладагы маалыматтардын аныктыгын текшерип чыкты.

“Московский комсомолец” европалык ЖМКлардын журналисттеринин иликтөөсүнө шилтеме кылганы менен, ал кайсы ЖМКга тийиштүү экенин ачык айтпайт. Материалда 2022-жылдын май айына тийиштүү бир жыл мурдагы маалыматтар келтирилет, бирок ал маалыматтарга шилтеме берилген эмес.

Басылманын билдирүүсү боюнча, 2022-жылдын май айынын аягында Англияда Covid-19дан 15113 адамдын өлгөнү катталган, алардын 13666сы эмделгендер. Көбү үч жолу эмдөөдөн өтүшкөндөр.

“Баарынан көп тынчсыздандырган жагдай – эмдөө албагандардын арасында өлүмдөрдүн саны кескин азайып, эмделгендердин арасында, тескерисинче, өлүмдөрдүн саны ай сайын өсүп жатканы”, – дейт автор.

Өз кезегинде, Улуубританиянын өкмөтүнүн маалыматы боюнча, 2022-жылдын май айынын аягына карата 124.5 млн вакцина жасалган. Ошол эле кезде 155 миң адам каза болгон. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өкмөт жарыялаган отчетто бардык үч вакцина менен эмделгендердин арасында таажычан вирустан сактануунун эң жогорку көрсөткүчү катталган (90%дан жогору). Ал өзгөчө таажычан вирустун “Альфа” жана “Дельта” түрлөрүнө каршы натыйжалуу болгон. Ал эми эки жолу эмдөөнүн “Дельта” түрүнө каршы натыйжалуулугу 65-95% болгон.

Ошондой эле “Московский комсомолецтин” макаласында таажычан вирус инфекциясына каршы эмделгендердин өлүмүнүн эң көп учуру катталган мезгил келтирилет.

“2021-жылдын 1-мартынан 31-июлуна чейинки беш ай аралыгында Англияда Covid-19дан өлгөндөрдүн көбү эмделгендерге туура келген, тактап айтканда өлгөндөрдүн көбү (66%) вакцинанын бир дозасын алгандар болгон.

Өз кезегинде, 2021-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин, башкача айтканда беш ай аралыгында, Covid-19дан өлгөдөрдүн көбү эмделгендер болгон, ошону менен катар өлгөндөрдүн саны мурдагы беш айга салыштырмалуу дээрлик үч эсе өскөн – алардын көбү эки жолу эмделгендер болгон”, – деп айтылат макалада.

Макаланын бул бөлүгүндө да эч бир так маалыматтар келтирилбейт, мисалы, өлгөн адамдардын так саны, жана да эмне үчүн бул мезгил алынгандыгы түшүндүрүлгөн эмес. Аны менен катар эки жыл мурдагы маалыматтар колдонулган.

Өкмөттүн отчету боюнча, 2021-жылдын аягына карата калктын 90% бир жолудан кем эмес эмдөө алгандар болгон, 82.3% эки жолудан кем эмес, ал эми 59.1% үч жолудан кем эмес. Демек, калктын көбү эмделген болсо, өлгөдөрдүн көбү да эмделгендрге туура келет.

Эмдөөнүн таасири кандай?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) маалыматы боюнча, вакцина оорунун себепкерине каршы дененин коргонуу механизмдерин активдештирип, ооруп калуу ыктымалдыгын азайтат.

Иммундук тутум:

  • Оорунун себепкерин тааныйт, мисалы вирусту же бактерияны.
  • Антителолорду өндүрө баштайт. Антитело – организмдин иммундук тутуму оору менен күрөшүү үчүн өндүргөн белоктор.
  • Оорунун себепкерин эстеп калат. Эгер бул оорунун себепкери кийин организмде кайра пайда боло турган болсо, иммундук тутум оорунун жайылышына мүмкүндүк бербей аны бат эле жок кылат.

Ошентип, эмдөө – бул организмге белгилүү бир ооруну жуктурбастан, иммундук реакцияны пайда кылуунун коопсуз жана рационалдуу жолу.

“БДСУ массалык эмдөөлөргө көз карашын кайра карап чыгууда”

“Аны менен катар БДСУ балдар жана өспүрүмдөр арасындагы Covid-19га каршы массалык эмдөөлөргө көз карашын кайра карап чыгууда, аны жасабай эле койсо болот деген тыянакка келүүдө”, – деп жазат “Московский комсомолец”.

БДСУнун маалыматы боюнча, коркунучу жогору болгондорду толук эмдөөдөн кийин балдарды COVID-19га каршы эмдөө сунушталат.

Андан сырткары, БДСУ менен иштешкен медик адистер тыкыр талдоо жүрүзүп, COVID-19га каршы уруксат берилген вакциналар менен балдарды эмдөө коопсуз жана натыйжалуу деген тыянакка келишкен.

БДСУ Pfizer жана Moderna вакцианаларын 6 айдан жогору балдарга жана COVOVAX вакцинасын 12 жаштан жогору балдарга колдонууга уруксат берет.

Тыянак: калп, көз жазгыруу. Макалада изилдөөгө шилтеме келтирилген эмес, андан сырткары расмий маалыматтар макалада келтирилген маалыматтардан кескин айырмаланат.