(Кыргыз) Мамлекеттик күзөт кызматкерлери үгүт иштерине катышып жүрөбү?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

15-декабрда “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу Кундуз Ажибекова мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери үгүт иштерине катыша алабы деген суроо салган.

 

Сүрөттө үгүт кийимдерин кийген бир нече адам  президенттикке аттанган Садыр Жапаровду коштоп жүргөнүн көрсө болот.

Негизи мындай кадам мыйзамга туура келбейт. Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамынын 21-беренесинин 1-пунктунда мамлекеттик кызматкерлерди үгүт иштерине тартууга тыюу салынган. Мындан тышкары,  “Мамлекеттик күзөт жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык, мамлекеттик коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтык милдеттерине байланышпаган функцияларды аткарууга тартууга тыюу салынат. 

 

Сүрөттөгү үгүт жазуусу бар кийим кийгендер чын эле мамлекеттик коргоо кызматынын кызматкерлериби?  Factcheck.kg териштирди.

Үгүт кербенинде президенттике талапкер Жапаровду дайыма бир нече адам коштоп жүрөт. Бул сүрөттөгү адамдын кулагында байланыш үчүн атайын зымды көрсө болот. 

Ал эми бул жерде чакан сумка түрүндөгү атайын коопсуздук жабдыктарды көрө алабыз.

25-октябрда мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун Нарынга болгон иш сапары учурундагы фоторепортаж президенттин расмий сайтында жарыяланган. Сүрөттөрдүн биринде мамлекеттик күзөттүн кызматкерин көрө алабыз. Анын курткасындагы логотип бизди өзгөчө кызыктырды.

 

Андан соң Садыр Жапаровдун Таластагы үгүт кербенинин тасмасын көрөбүз. Ошол эле куртка кийген кызматкер. Экөөнүн жүзү куюп койгондой окшош.

Биз Жапаровду коштогон дагы бир адамды таба алдык. Бул жерде ал Баткендеги сапарда арт жакта түшүп калган. 

Ал эми азыр Садыр Жапаров менен Таласта үгүт иштерине аралашып жүрөт. Жапаров деген жазуусу бар баш кийимин да көрсө болот.

4-декабрда УКМК Садыр Жапаров премьер-министр катары азыркыга чейин мамлекеттик күзөт кызматы менен пайдаланарын тастыктаган. 

Ошондо ал үгүт иштерине мамлекеттик күзөттү тартуу менен мыйзамды одоно бузуп аткан жокпу? Ал эми үгүт кийимдерин кийген күзөт кызматычы? Бул суроолорго БШК жооп бериши керек.

Жыйынтык: мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери үгүт атрибуттарын кийип, үгүт иштерине катышып жүрөт.