(Кыргыз) Pfizer вакцинасы жөнөкөй муздаткычта 30-60 күнгө чейин сакталары жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Pfizer вакцинасын сактоо үчүн керектүү шарттар жоктугунан улам COVID-19га каршы эмдөө 2021-жылдын июнь айына чейин болбойт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева твиттер баракчасында билдирди. Анын айтымында өлкөдө вакцинаны сактоого ылайыктуу шарттар жок. Сурабалдиеванын сөзүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тастыктады.  

Аткаминерлердин бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Вакцинаны -70 градуста сактоо – бул заводдун гана шарты жана аны биздин шартта жөнөкөй муздаткычтарда 30 күндөн 60 күнгө чейин сактаса болот деген пикир жаралып,  бул мөөнөттө 30 миңдей медицина кызматкерин эмдесе болору айтылды. 

 

 Factcheck.kg колдонуучулардын билдирүүлөрүн текшерип көрдү. 

2020-жылдын ноябрь айында Bloomberg журналында вакцинаны сактоо жана жарды өлкөлөрдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу чоң макала жарык көргөн.

 

Макалада вакцинаны техникалык мүнөздөмөсүнө ылайык -70 градуста сактоо керектиги жана муздаткычтан алып чыккан соң беш күндүн ичинде колдонуу керектиги айтылган. Ал эми 5 күн вакцинаны кадимки муздаткычта сактоо мүмкүн деп жазылып, 30 же 60 күн тууралуу кеп козголгон эмес.

 

 

Ошондой эле, макалада көптөгөн өлкөлөрдө сактоо жана ташуу системаларын нөлдөн баштап терең үшүк шартында курууга туура келери жана ансыз вакцина бузулары тууралуу айтылып, бул Pfizerдин таралышына чоң тоскоолдук болот деп белгиленген.

Мындай сактоо жана жеткирүү шарттары бир гана Кыргызстан эмес, Индия ж.б. өлкөлөрдү да вакцинадан убактылуу баш тартууга мажбур кылган.

“Вакцина үчүн -70 градус талап кылынат, биз аны Индияда жасай албайбыз, андыктан аны азырынча унутуп коюңуз”, – деди Т.Сундарараман, Делидеги адам ден-соолугу боюнча кыймылдын глобалдык координатору, жергиликтүү активисттер жана илимпоздордун уюмунунун өкүлү.

Белгилей кетсек, ар бир бейтапка иммунитетти бекемдөө үчүн эки инъекция талап кылынат.

Туура эмес шартта жеткирүү жана сактоо вакциналардын бузулушуна алып келерин Вашингтон университетинин эмдөө боюнча адиси Майкл Кинч белгилейт. 

Жыйынтык: жалган. Pfizer вакцинасы жөнөкөй муздаткычта 5 күндөн ашуун убакка сакталбайт.