(Кыргыз) Эскилер жаңыланды. Шаардык кеңешке өткөндөр кайсы партиялардын курамында эле?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. БШК Бишкек шаардык кеңешине алты партия өткөнүн жана депутаттардын болжолдуу тизмегин жарыяларды.

Factcheck.kg жаңы тизмекке саресеп салып, анын ичинен 11 кандидат буга чейин шаардык кеңеште башка партиянын өкүлү катары иштеп кеткенин аныктады. 

Алсак, «Өнүгүү- Прогресс» партиясынын төрт өкүлү учурда «Ата Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана Кыргызстан элдик демократиялык партиясынын курамында кайрадан шайлоо өнөктүгүн жеңди. Ал эми «Республика – Ата журт» партиясынын мурдагы үч өкүлү быйылкы шайлоого «Эмгек» жана «Ынтымак» партияларынын курамында аттанган.

Жаңы депутаттардын арасында мурдагы КСДП партиясынын эки өкүлү «Эмгек» жана «Ата-Журт Кыргызстан» партияларынын тизмегинде.

«Эмгек» партиясынын дагы бир талапкери октябрда өткөн шайлоонун жокко чыгарылышына себепкерлердин бири болгон «Мекеним Кыргызстан» партиясынан келген. Октябрь окуяларына «салымын» кошкон «Кыргызстан» фракциясынын лидери учурда Кыргызстан элдик демократиялык партиясынын тизмеги менен мандатка жетип отурат. 

Ошентип, «жаңыланган» эскилердин тизмеги төмөндөгүдөй:

«Эмгек» – шайлоодон жеңген 10 талапкердин дээрлик жарымы буга чейин Бшикек шаардык кеңеште эмгектенген:

  1. Абиров Жаныбек Болотбекович – шаардык кеңештин төрагасы, мурунку чакырылышта КСДП курамында эле.
  2. Абдраев Базарбек Кошоевич – «Мекеним Кыргызстан»
  3. Абдиев Бактыбек Кемелович –  «Республика – Ата-Журт»
  4. Жакышев Русланбек Шекргазиевич – «Республика – Ата Журт»

«Ата-Журт Кыргызстан» –  жети талапкердин ичинен үчөө буга чейин шаардык кеңеште депутат:

  1. Жамгырчиев Талантбек Анарбекович – «Өнүгүү-Прогресс»
  2. Лисниченко Валентина Михайловна – КСДП
  3. Аматов Рысбай Аматович –  «Өнүгүү-Прогресс»

Кыргызстан элдик демократиялык партиясына сегиз мандат берилгени турат. Алардын ичинен эки мандатка башка партиялардын өкүлдөрү ээлик кылчу:  

  1. Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич –  «Кыргызстан»
  2. Исмаилов Сайдахмат Аблезович – «Өнүгүү-Прогресс»

«Ынтымак»  партиясы алты мандатка ээ болсо, анын ичинен мурдагы чакырылышта төмөнкү талапкерлер болгон:

  1. Сариев Таалайбек Жолдошбаевич – «Өнүгүү-Прогресс»
  2. Эргешов Казыбек Кочкорович –  «Республика – Ата-Журт»

Быйылкы шайлоо өнөктүгүн жеңген «Биздин эл» жана «Ак Бата» партиялардын өкүлдөрү мурдагы чакырылышта депутаттык креслого ээ болгон эмес.

Белгилей кетсек, бул мандаттарды алдын-ала бөлүштүрүү. Акыркы жыйынтыктар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кийинчерээк жарыяланат.