(Кыргыз) Википедияда “Кыргызстан” партиясы тууралуу маалымат алмаштырылган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Википедияда “Кыргызстан” партиясы тууралуу айрым маалыматтар өзгөртүлгөндүгү тууралуу окурмандарыбыз кабарлады.

 

Биз белгисиз адамдар тарабынан маалымат чын эле өзгөртүлгөндүгүнө күбө болдук. 

“Кыргызстан” партиясы кошо ат салышкан шайлоо күрөшү болбогондо, жаңы текстти бирөөнүн тамашасы деп бааласак болмок.

Википедиядагы баракчаларга ар бир адам өзгөртүүлөрдү киргизе алат, бирок модерация учурунда мындай тамашалар жокко чыгарылат. 

Ага карабай “Кыргызстан” партиясынын баракчасы модерацияланган эмес.

Партия тууралуу тиешелүү маалыматты текшерип, ал өткөн айда 23 жолу өзгөрүүгө учураганын көрдүк.

  

Макала башында кеп кылынган өзгөртүүлөр 6-сентябрь күнү киргизилген.

 Жыйынтык: Википедияда “Кыргызстан” партиясы тууралуу маалымат алмаштырылган.