(Кыргыз) Кыргызстандагы Youtube сайтынын ТОП-10 каналы

(Кыргыз) Кыргызстандагы Youtube сайтынын 45 каналынын ар биринин 100 миңден ашык туруктуу жазылган колдонуучусу бар. Бул каналдарда көрүүлөрдүн жалпы саны 500 миллиондон көп. 45 каналдын бирөөсү миллиондон ашык колдонуучуга ээ.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кыргызстандагы Youtube сайтынын 45 каналынын ар биринин 100 миңден ашык туруктуу жазылган колдонуучусу бар.  Бул каналдарда көрүүлөрдүн жалпы саны 500 миллиондон көп.  45 каналдын арасында миллиондон ашык адам жазылган бир канал бар.

Бардык өлкөлөр боюнча Youtube каналдарынын рейтингин көрсөтүп турган бир топ сайттар бар. Бирок, каналдардын бардыгы эле Кыргызстан өлкөсүн белгилешпейт.  Ошентсе да, кыргызстандыктар тарабынан ачылган каналдарга саресеп салганга аракет кылдык:

Рейтингде номуру аталышы колдонуучулары көрүүлөр категориялары
1 KIDS 312 3 736 524 883 175 313 балдарга арналган
2
 Мастер Сергеич
915989
128432859
билим берүү
3
 KIDS 312 Cartoon Series Learning…
871196
9899
балдарга арналган
4
 SOLO
608493
237705429
музыка
5 Акыркы Кабарлар Санжар Калматай 597 883 248 367 140 жаңылыктар
6
 haos Lite
593625
156058521
көңүл ачуучу
7
 Сань Янь
531193
148373089
музыка
8
Azattyk
516203
205028981
жаңылыктар
9 Super.kg 462937 178 362 979 жаңылыктар
10 Насаат Медиа 386 762 68 741 409 дин

Күмүш жана жалгыз алтын кнопкасынын ээлеринин ысмы белгилүү.  Тизме башында Курман Жолдошевдин KIDS 312 аттуу каналы турат.  Youtube сайтындагы KIDS 312 Cartoon Series Learning каналы дагы Курманга тийиштүү болушу ыктымал. Учурда экинчи каналына жакында ачылганына карабастан, 871 миң адам жазылган. Контент балдарга арналган анимациялык видеолордон турат.

фото sputnik.kg сайтынан алынган.  Фотодо Курман Жолдошев

Ал эми 2-орунда өзү тууралуу маалыматты көрсөтпөгөн “Мастер Сергеич” каналынын кожоюну турат. Анын каналына 915 миң адам жазылган.  Каналда кол менен түрдүү нерселерди кантип жасоо керектигин үйрөтүүчү видеолор көп.

4-орунда Youtube канал Solo – Solo media долбоору. Негизи мында клип, ролик жана телепрограммалар жайгашкан. Азыркы күндө бул каналга 600 миңден ашык адам жазылган.

Санжар Калматайдын “Акыркы кабарлар” аттуу каналы 5-орунда турат  (600 миңге жетпеген колдонуучусу бар). Каналда алгач кыргызстандык телеканалдардын жаңылыктары жайгаштырылчу. Укук ээлеринин арыз-дооматтарынын арты менен канал жабылып кайра ачылган. Азыркы күндө ал башкалардын видеоконтентин колдонуу менен оргиналдуу сюжеттерди жасап чыгарат. Кызыгы, бул контентти Youtube плагиат деп эсептеген жок. Санжар Калматтайдын бир топ колдонуучулары бар мындан башка да каналдары көп.

Кыргызстанда ачылган дагы бир канал бул “haos Lite”.  Контенти комикстерден турат жана каналга 600 миңдей адам жазылган, биздин рейтингде 6-орунда турат.

7-орунда 531 миң колдонуучусу менен 12 жашар Александра Санникова аттуу кичинекей ырчынын  “Сань Янь” аттуу каналы жайгашкан.  Анын “Кошка беспородная” аттуу клиби 132 миллион көрүүгө ээ.

Кыргызстандагы “Азаттык” басылмасынын расмий каналына 516 миң адам жазылган жана ал биздин рейтингде 8-орунду ээлейт.  Эң таанымал видеоролиги кыргыздардын Кара жорго бийине арналат. Аны 3,3 миллион адам көргөн.

9-орунда Супер-Инфо гезитинин каналы.

10-орунда Чубак ажы Жалиловдун “Насаат медиа” аттуу продакшн студиясынын каналы турат. Ага 386 миң адам жазылган.

100 миңден ашык колдонуучу жазылган 45 youtube каналдын 20сы – жаңылыктарга, 10у – көңүл ачуучу контентке, 7си – музыкага, 3ү – билим берүү, 2сү – дин темасына арналат. Мындан тышкары 100 миңден ашык адам ЮНИСЕФ Кыргызстан уюмунун расмий каналына да жазылган.