(Кыргыз) Түрк авиажолдору адамдын аты-жөнү билетте жана картада ар башка болсо рейстен алып салып жатабы? Текшеребиз
Окурманбыз редакцияга Х коомдук тармагында жарыяланган маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылды. Анда «Түрк авиажолдору авиа жүргүнчүнүн жана билетти сатып алууда колдонулган картадагы адамдын аты-жөндөрү туура келбесе рейстен алып салып жатышат», – деп айтылат.
Factcheck.kg редакциясы бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерип чыкты.
Түркиялык Turkish Airlines авиакомпаниясынын сайтында жүргүнчүнүн аты-жөнү авиабилетти сатып алган адамдын аты-жөнүнө дал келбесе, жүргүнчүнү рейстен алып сала тургандыгы жөнүндө эч бир маалымат жок.
Авиакомпания башка бирөөнүн картасы менен төлөмдү жүргүзүүгө тыюу салбайт.
Бир гана авиакомпания онлайн-кызмат аркылуу сатып алууда картанын ээсинен аны сурашы мүмкүн. Система сатып алууну «шектүү» деп санаса, картаны көрсөтүү керек болот.
Мындайда сатып алуу учурунда картанын өзүн көрсөтүу зарыл жана карта ээсинин макулдугу керек. Тастыктагандан кийин картанын ээси Turkish Airlines авиакомпаниясынын билеттерди сатуу кеңселеринин биринде же рейске каттоо жүргүзгөн жерде банктык картасын жана өздүгүн тастыктоочу документти (мисалы, паспортту, айдоочу күбөлүктү, нике күбөлүгүн) көрсөтүшү керек болот.
Ошондой эле билетти алмаштыргыңар келсе, же аны жокко чыгарып, акчаңарды кайтарууну кааласаңар карта керек болот. Картаны көрсөтүү керектиги тууралуу билдирүүну тастыктабасаңар, сатып алуу жүргүзүлүлбөйт жана силерге башка картаны колдонуу зарылдыгы сунушталат.
Кредит же дебет карта менен төлөм жүргүзүү учурунда 3-D Secure тастыктоосу талап кылынат, эгер гана картаны чыгарган банкта бул ыкма каралган болсо. 3-D Secure тастыктоосун жүргүзүү үчүн банк картасынын маалыматтарын киргизгенден кийин ачылган терезечеге 3-D Secure сырсөзүн жазуу керек. 3-D Secure текшерүүсү менен сатып алынган билеттер үчүн картаны көргөзүүгө зарылчылык жок.
Авиакомпаниянын Бишкектеги кеңсесинин кызматкерлери Factcheck.kg’нин журналисттерине түшүндүрүп бергендей, онлайн система транзакция шектүү деп санап, адамдын өздүгүн тастыктоону талап кылган учурлар өтө сейрек кездешет. Адатынча мындай учурлар төлөм жасалма банктык карталар көп кездешкен өлкөлөрдөн, биринчи кезекте, АКШдан жүргүзүлгөндө болот.
Кыргызстан бул өлкөлөрдүн катарына кирбейт, ошондуктан башка адам үчүн билет сатып берген картанын ээсинен өздүгүн тастыктоо суранычы болгон эмес. Бирок КР жаранынын билетин, мисалы, АКШнын картасы бар адам сатып берген болсо, карта ээсинин өздүгүн текшерүү болушу мүмкүн.
Тыянак: калп. Түрк Turkish Airlines авиакомпаниясы жүргүнчүнүн аты-жөнү авиабилетти картасы менен сатып алган адамдын аты-жөнүнө дал келбесе, жүргүнчүнү рейстен алып салбайт. Бир гана система сатып алууну «шектүү» деп санаган учурда авиакомпания картаны көрсөтүүнү талап кылышы мүмкүн.
Редакциянын түшүндүрмөсү. Turkish Airlines Түркиядагы эң ири авиакомпания болуп эсептелет. Анын бир канча туунду компаниялары бар. Turkish Airlines авиакомпаниясындагы кызмат көрсөтүү эрежелери бул туунду компаниялардын бардыгында колдонулат. Бул коопсуздук, брондоо, рейстерди өзгөртүү жана жокко чыгаруу, ошондой эле багаждар менен иштөө маселелерине тийиштүү.