(Кыргыз) Коронавирусту өлтүргөн табигый продукт табылды деген маалымат — манипуляция

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

16-ноябрда айрым россиялык жана жергиликтүү ЖМКлар коронавирус менен күрөшкөн табигый продукт табылгандыгы тууралуу жазып чыккан. Маалымат булагы катары Ульма медициналык университетиндеги (Германия) молекулярдык вирусология институтунун изилдөөсүнүн жыйынтыгы көрсөтүлүп, “немец окумуштуулары организмдеги коронавирустун 97%ын өлтүргөн продукт табышты” деп белгиленет. Изилдөөнүн жыйынтыгы bioRxiv ресурсунда жарыяланган.

Макалада четин ашынын ширеси организмдеги вирус менен натыйжалуу күрөшүп, анын активдүүлүгүн басаңдатары тууралуу айтылат. Мындан тышкары, анардын ширеси организмдеги коронавирустун патогенин 80%га кыскартары белгиленген. Башка табигый ширелер да кычкыл болгондуктан, вируска терс таасирин тийгизери жазылган. Ошондой эле вирус менен күрөшүүдө көк чайдын пайдасы тууралуу да айтылат.

Factcheck.kg бул маалыматтарды текшерип көрүүнү чечти.

biorxiv.org сайтында жогоруда кеп болгон изилдөөнү таба алдык. Анын авторлору четин ашынын ширеси 5 мүнөттүн ичинде SARS-CoV-2 вирусунун таасирин 96,98%га  басаңдатканын белгилеген. Ал эми анар ширеси менен көк чай 1 мүнөттүн ичинде эле 80% жыйынтык бергени айтылат. Бирок изилдөө тиешелүү көлөмдө өткөрүлбөгөндүктөн, анын акыркы корутундусу жарыяланган эмес.

Эске салсак, bioRxiv сайты илимий иштер жарыяланган эң белгилүү ресурстардын бири болуп саналат. Аталган сайтта ар кыл изилдөөлөр жарыяланып турганы менен, анда келтирилген каталар да болбой койбойт. Бул иш-чаралардын негизги максаты — илимий дүйнөнү изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырып, аларды андан ары талкуулоо.  Мындай маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына эскертүү катары аталган сайтта белгиленген.

Жыйынтык: Манипуляция. Немец окумуштуулары изилдөө жүргүзүп, четин ашынын ширеси коронавирусту 96,98%га өлтүрөрүн аныктаганы чын. Бирок, бул изилдөөнүн жыйынтыктоочу корутундусу чыга элек. Ал үчүн кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү талап кылынат.