(Кыргыз) Кылмыш иштери, уурдоо, пара алуу: жаңы мамлекеттик ишканаларга жана өкмөттүк долбоорлорго байланыштуу окуялар – 1-бөлүк

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Кыргызстандын жаңы өкмөтү эки жылда көптөгөн билдирүүлөрдү кылып, бир катар реформаларды баштаганы жетишти. Садыр Жапаров бийликке келгенден бери өлкөнүн Конституциясына жана Салыктар кодексине өзгөртүүлөр киргизилди, көптөгөн министрликтер жана мекемелер реформаларга дуушар болушту. Экономика тармагы да өзгөрүүлөрдөн сыртта калган жок. 24.kg интернет-басылмасынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын октябрынан 2022-жылдын мартына чейин эле 11 мамлекеттик ишкана, фонд, мекеме жана агенттик түзүлгөн, кээ бирлерине мамлекеттик салымдын көлөмү миллиард сомдон ашты. Жаңы ачылган айрым ишканалар жана фонддор менен кыска мөөнөттө эмне болгонуна сереп салабыз.

“Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы”

Министрлер кабинетинин эң популярдуу долбоору “Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” Улуттук холдинги болду.

Уставдык капиталында мамлекеттин 100% катышуусу менен “Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ААКты түзүү тууралуу чечимге 2021-жылдын 13-декабрында кол коюлган болчу. Долбоордун негизги максаты – “эл аралык тажрыйбаны пайдалануу менен жер казнасын пайдалануу жана ага байланыштуу экономикалык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды максималдуу топтоштурууга жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү” болгон. Холдингдин түзүүчүсү Финансы министрлиги болгон, ал эми уставдык капиталы 100 млн сом өлчөмүндө белгиленген. Аны 2022-жылы 1 млрд сомго чейин жеткирүү пландаштырылган болчу.

2022-жылдын 11-февралында министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон тескеме боюнча, 2021-жылдын май айынан бери “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомун убактылуу сырткы башкаруучунун милдеттерин аткарып келген Тенгиз Болтурук кызматынан бошотулуп, анын ордуна “Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” улуттук холдинг компаниясы” дайындалган. Төрт күндөн кийин Акылбек Жапаров “Улуу Көчмөндөр Мурасынын” төрагасы болуп Тенгиз Болтурук дайындалганын билдирди. Башкача айтканда Болтурук “Кумтөр Голд Компанинин” жетекчиси бойдон калган десек болот. Ошондой эле белгилүү болгондой, улуттук холдингдин уставдык капиталы эми 10-15 млрд сомду түзгөн. 

2022-жылдын февралынын ортосунда “Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” Садыр Жапаровго 32 долбоорду сунуштаган. Демилегелер көптөн үмүттөндүрөт эле: өнөр жай жана кайра иштетүүчү ишканаларды, ошондой эле гидроэлектростанцияларды куруу, кендерди өздөштүрүү, билим берүү жана IT тармакты колдоо жана өнүктүрүү долбоорлору караштырылган болчу. Бул долбоорлор ишке ашырыла баштадыбы – белгисиз. Бирок Улуттукхолдингдин жана “Кумтордун” кызматкерлери үчүн 50 миң долларга офисти ижарага алуу коомдо катуу талкууну жаратты. Бул кадамды жетекчилик “инвесторлордун алдында уят болбоо аракети” менен түшүндүрүшкөн. Жаңы офиске көчүү дээрлик бир жылга созулган, бирок кийин белгилүү болгондой, ал тууралуу президент дагы, министрлер кабинетинин төрагасы да эч нерсе билген эмес.  

2022-жылдын сентябрында Башкы прокуратура Тенгиз Болтурукту “Кумтор Голд Компаниядагы” жемкорлук схемаларга байланыштуу камакка алган. Аны менен кошо камсыздоо боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Джаналиева жана каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов камакка алынган болчу. Болтурук жана анын мурдагы кесиптештери бардыгы болуп 1 млрд сомго зыян келтиришкен деп маалымдалган. 

Тенгиз Болтурук

Болтурук УКМКнын убактылуу кармоочу жайында өткөн жылдын сентябрынан бери болгон, бирок 2023-жылдын апрелинде Октябрь райондук соту аны үй камагына чыгарган. Белгилүү болгондой, Болтурук жана башка айыпталып жаткандар мамлекетке 844 млн сом кайтарып беришкен, ошондон кийин ишке тиешеси барларды камактан чыгарышкан. 

2023-жылдын 10-февралында министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, “Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” улуттук холдинг компаниясы” жабылмакчы. Расмий билдирүүдө мындай деп айтылат: “Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 446-т тескемеси менен «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКсы убактылуу тышкы башкаруучу болгон, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсына киргизилген убактылуу тышкы башкаруу жол-жобосу токтотулган.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, «Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ААКсынын мындан аркы ишмердүүлүгү максатка ылайыктуу эмес экендигин белгилей кетүү керек”.

2022-жылдын декабрында парламенттин профилдик комитеттинин жыйынында белгилүү болгондой, “Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” улуттук холдингинин капитализациясы 2022-жылдын башынан бери 3,4 млрд сомду түзөт, ал эми ишкананы жоюш үчүн 700 млн сом керек болот.

“Кыргызиндустрия” ААК

2022-жылдын 13-январында уставдык капиталында мамлекеттин 100% катышуусу менен “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому түзүлгөн. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, “мындай компанияны түзүүнүн негизги милдеттеринин бири жылдык жана кварталдык отчёт берүү аркылуу туунду ишканалардын ишинен жана өзүнүн ишмердүүлүгүнөн алынган финансылык ресурстарды натыйжалуу жана ачык бөлүштүрүү болот”. Компаниянын уставдык капиталы 1 млрд сом өлчөмүндө белгиленген. 

2023-жылдын жазында КРдин Эсептөө палатасынын сайтында 2022-жыл боюнча “Кыргызиндустрия” ААКтагы аудиттин жыйынтыгы жарыяланган. Аудит төмөнкү каржылык мыйзам бузууларды тапкан:

  • “Кыргызиндустриянын” 4.6 млрд сом өлчөмүндөгү карызы пайда болгон
  • Түзүлүп жатканда ага өткөрүлүп берилген мамлекеттик үлүшү бар 16 ишкананын ишин жандандырууга жүгүртүүдөгү каражаттары калган эмес
  • “Кыргызиндустрия” компаниянын акцияларынын жалгыз ээси болуп эсептелген Министрлер кабинетин катыштырбай туруп ири суммадагы келишимдерге кол койгон
  • Компаниянын 65 кызматкеринин 31 жетекчилик кызматтагылар (алардын арасында төрт вице-президент, аппарат жетекчи, президенттин эки кеңешчиси жана бир жардамчысы бар)

Толук тизмекти бул жерден көрсө болот. 

Жарасул Абдураимов

17-майда Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев “Кыргызиндустрия” ААКтын иш алып баруусуна нааразычылык билдирип, анын президентинен каражаттарды кайтарууну жана кызматынан кетүүнү талап кылган. Бул тууралуу ал парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирген. Өз кезегинде  “Кыргызиндустрия” ААКтын президенти Жарасул Абдураимовдун айтымында, Эсептөө палатасы жаңылган жана анын аудитинин жыйынтыктары жокко чыгарылган. Ошондо Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирүү кылып, Жарасул Абдураимов мурда 2022-жыл боюнча аудиттин жыйынтыгы менен макул болгонун белгилеген. 

24-майда Жогорку Кеңештин жыйынында көп депутаттар нааразычылыгын билдиргенден кийин “Кыргызиндустриянын” жетекчисинин орун басары УКМК ААКтын ишин текшерип жатканын билдирген.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду 2021-жылдын декабрындагы президенттин жарлыгына ылайык түзүлгөн. Фонд уставдык капиталында КРдин Экономика жана коммерция министрлигинин 100% катышуусу бар ачык акционердик коом болуп саналат. Фонддун максаты – Кыргызстандын туристтик тармагынын туруктуу өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү. Министрлер кабинети аныктаган уставдык капиталы 1 млрд сомду түзөт. Фонддун президенти болуп Елена Калашникова дайындалган.

4-майда Жогорку Кеңештин жыйыныныда депутат Эмиль Жамгырчиев Фонддун ишин сынга алган. Анын айтымында, туристтер үчүн точкаларды курууга кеткен каражатка бардык шарттары бар мейманканаларды курса болот эле. Ошондой эле Жамгырчиев ар түрдүү көргөзмөлөргө канча каражат кеткенин, алардан мамлекет киреше көргөнүн, же көрбөгөнүн сураган. Бул суроолорго Калашникова так жооп бере алган эмес.

Rest Points – туристтер үчүн точкалардын эскизи

Ушул эле жыйында УКМКнын төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы 22-апрелде Туристтердин эс алуу точкаларын куруу долбооорун ишке ашыруудагы жемкорлук фактылары боюнча кылмыш ишин козгогонун билдирген. 18-майда фонддун президенти Елена Калашникова жана вице-президенти Александр Валитов камакка алынгандары белгилүү болду. Кийин аларды эки айга камакта калтырышкан. 

Туристтер үчүн эс алуу точкалары же Rest Points – Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун долбоору болуп эсептелет. Ага ылайык туристтер үчүн душу, туалети, чакан кофейканасы жана электрондук түзүмдөрдү кубаттоо мүмкүнчүлүктөрү бар эс алуу точкалары курулат. Бардыгы болуп Кыргызстандын эң популярдуу туристтик маршруттарында 68 ушуга окшош точканы куруу караштырылган. 

Кеминдеги биринчи Rest Point.

Биринчи Rest Point Кеминде апрелдин аягында ачылган болчу.

“Кыргызтранснефтегаз” МИ

2022-жылдын 7-июнунда Министрлер кабинетинин токтому менен Энергетика министрлигинин алдында “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Ишкана мунай-газ тармагын мамлекеттик жөнгө салуу жана башкаруу максатында түзүлгөн, ошондой эле ага жаратылыш газын жана суюлтулган газды ташуу, сактоо, кайра иштетүү, мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды сатуу боюнча улуттук оператордун укуктары берилген.

2023-жылдын 19-майында белгилүү болгондой, УКМК мамлекеттик ишканалардын биринин директорун 1 млн сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармаган. Кийин кармалган адам “Кыргызтранснефтегаздын” директору Алишер Бейшеналиев экени белгилүү болду. Ал жана Б.А.Н. инициалындагы дагы бирөө 2.5 млн сом, ошондой эле мунай компаниясынын 20% үлүшүн опузалап талап кылышкан деп айыпталышкан. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынышкан.

Эмки бөлүктө өкмөт акыркы жылдарда түзгөн башка долбоорлор жана мамлекеттик ишканалар тууралуу сөз кылмакчыбыз.