(Кыргыз) Президенттин иш башкармалыгы 9 млн сомго планшет, камера жана башка техника сатып алат

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы 5.3 миң долларга 60 планшет, экшн-камера, видеокамера ж.б. буюмдарды сатып аларын маалымдады

10-январда мамлекеттик сатып алуулар порталында тиешелүү жарнама жарыяланган. Аталган башкармалык жалпы жонунан 9 миллион сомдук тендер жарыялаган. Анын ичинен 3.5 миллион сом тукаба жана клавиатурасы менен 59 планшетке жана клавиатурасыз эки планшетке жумшалары айтылат. Акыркы эки планшеттин техникалык мүнөздөмөсүнөн улам президенттин иш башкармалыгы 2021-жылы чыккан Apple IPad 10.2 алууга даяр экени аныкталды. Мындан тышкары моноблок, 51 миң сомдук Samsung Note 10 үлгүсүндөгү телефондун аналогу жана 130 миң сомдук ультрабуктун аналогун ж.б. буюмдарды сатып алуу пландаштырылган.

Мындан тышкары,жарнамада ар бири жарым миллион рублду чапчыган  Nikon Z9 Body жана Nikon D6 Body үлгүсүндөгү эки фотоаппарат жана 96 миң рублдан 150 миң рублга чейинки үч объектив, 600 долларлык GoPro Hero 10 камерасынын аналогу, жалпы жонунан 3.5 миллион сомдук техника сатылып алынары жөнүндө маалымдалат. Тендерде GoPro экшн-камерасынын аналогу деп көрсөтүлгөнү менен батарея менен коргоочу куту дал ушул үлгүдөгү камера үчүн деп көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, башкармалык баасы 5.3 миң долларды чапчыган Sony PXW-Z280 профессионалдык камераны сатып алуу пландаштырылууда. 

 

Дагы 1 миллион сомго графикалык экраны жана стенддери бар эки интерактивдүү панель керектелет.

Калган каражат ар кандай аккумуляторлорго, кнопкаларга, жарык берүүчү жабдууларга, штативдерге, эс-тутум карталарына, модемдерге, рюкзактарга жана жабдуулар үчүн сумкаларга бөлүнгөн.