(Кыргыз) Урмат Насыкулов, “Реформа”: “Биримдиктин” 5 өкүлү КЭДП курамында

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бүгүн 1-апрелде Бишкек шаардык кеңешке аттанган партиялардын көз карандысыз дебаты жүрүп атат.  Дебатта Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП) жана “Реформа” беттешти.

“Реформа” партиясынын өкүлү Урмат Насыкулов 2020-жылдын октябрь айында болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” аттуу эки партия тарабынан уурдалганын айтты.  Ал эми “Биримдиктин” 5 өкүлү учурда Кыргызстан элдик демократиялык партиясынын курамында экенин билдирди.

“Биримдик” партиясынын тизмегиндеги 5 кандидат учурда КЭДПнын курамында шаардык кеңешке аттанганы чын:

– Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич,
– Исмаилов Сайдахмат Аблезович,
– Коргонбай уулу Жусупбек,
– Тынымсеитова Нуржан Мырзагуловна,
– Уланов Алмазбек Уланович

Жыйынтык: чындык.