Урмат Насыкулов, “Реформа”: “Биримдиктин” 5 өкүлү КЭДП курамында

Бүгүн 1-апрелде Бишкек шаардык кеңешке аттанган партиялардын көз карандысыз дебаты жүрүп атат. Дебатта Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП) жана “Реформа” беттешти.
“Реформа” партиясынын өкүлү Урмат Насыкулов 2020-жылдын октябрь айында болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” аттуу эки партия тарабынан уурдалганын айтты. Ал эми “Биримдиктин” 5 өкүлү учурда Кыргызстан элдик демократиялык партиясынын курамында экенин билдирди.
“Биримдик” партиясынын тизмегиндеги 5 кандидат учурда КЭДПнын курамында шаардык кеңешке аттанганы чын:
– Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич,
– Исмаилов Сайдахмат Аблезович,
– Коргонбай уулу Жусупбек,
– Тынымсеитова Нуржан Мырзагуловна,
– Уланов Алмазбек Уланович
Жыйынтык: чындык.