(Кыргыз) Кыргызстандагы вирусту жеңүү жолу жеңилирээк — жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

19-апрелде Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Кыргызстандагы вирус  оңой жол менен жеңилет деген өңүттө маалымат жарыялап, анын автору катары журналист Баян Жумагулованы белгиледи.

 

https://lh4.googleusercontent.com/XYuXRDhZKhlkJtqXGrOQQSd3TVAV8nvqrZy6WYypVWwXsv8Nbde-6IO1_k1yu3BgQ8BaVZc3HWV3nNlkXNuUAG8vpKZ6hOJGm_xF1aTjXmbH5gySb3Vi5NpzyjYjyVaiXCAYFcIC

 

Factcheck.kg редакциясы маалыматтын чын-төгүнүн бышыктады.

Биз Баян Жумагулова жарыялаган маалымат булагын текшерип көрүп, анда коронавирстун L жана S аттуу эки штаммы тууралуу кеп болгонун аныктадык, алардын биринин агрессивдүүлүк деңгээли төмөнүрөөк деп айтылат.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/637117dde3100130c87487fbbdb717d022b213a3.png?resize=539%2C597&ssl=1

Макалада New Scientist басылмасына шилтеме келтирилген, анда коронавирстун эки штаммы тууралуу маалымат 5-мартта жарыяланганын көрө алдык. Алгачкы булак катары National Science Review сайты көрсөтүлгөн. Аталган сайт  3-мартта Пекин университетиндеги Жашоо Илимдери мектеби жана Шанхайдагы Пастер Институтунун окумуштуулары SARS-CoV-2 эволюциясы жана анын пайда болушу жөнүндө изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялаган.

The New Scientist басылмасынын маалыматына ылайык, Сяолу Тан Пекин университетиндеги кесиптештери менен бирге илдетке чалдыккан 103 бейтаптан алынган геномду изилдеп, анын эки жеринен жалпы мутациянын пайда болгонун аныктаган. Анын негизинде окумуштуулар вирустун эки түрүн L жана S деп ажыраткан.

Изилдөөчүлөр вирустун L түрү S түрүнүнүн эски вариантынан келип чыккан деген тыянакка келген. Биринчи штамм вирус жаныбарлардан адамдарга өткөн мезгилде пайда болгон деп божомолдошкон. Ал эми экинчи штамм кийинчирээк пайда болгон. Эки түр тең учурдагы пандемияга таандык.  Вирустун L түрү дүйнө жүзүндө кеңири тарагандыктан, ал S түргө салыштырмалуу агресивдүү деп белгиленет. Башкача айтканда, анын жайылуу темпи кыйла тез ылдамдыкта болгон үчүн агрессивдүү болуп саналат.

Ал эми жогоруда айтылган изилдөөгө тиешеси жок болгон Улуу Британиянын Оксфорд университетинин кызматкери Равиндер Канда вирустун эки түрү тууралуу мындайча баяндайт:

«Вирустун эки штаммы бар өңдөнөт —  L түрү тез тарагандыктан, агрессивдүү болуп саналат. Бирок, анын илдеттин оордугуна кандай таасир этери азырынча белгисиз».

Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, маалымат дагы да болсо тар жана SARS-CoV-2 вирусунун эволюциясы менен эпидемиологиясын изилдөө үчүн кошумча анализ жана изилдөөлөр талап кылынат.

ЖыйынтыкКыргызстандагы вирусту жеңүү жолу жеңилирээк деген маалымат чындыкка дал келбейт. Окумуштуулар вирустун эки штаммы бар деген тыянакка келген, бирок ал түрлөр илдеттин оор-жеңилине карап эмес, тез же жай тараганынан улам ажыратылган.