(Кыргыз) Рублдин түшүшүнө мигранттар күнөөлүүбү? Текшеребиз

512

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Михаил Матвеев доллардын кымбатташынын себептеринин бири катары мигранттарды атады. Анын пикиринде, алар орус экономикасынан “чоң каражаттарды” чыгарып өз мекенине жөнөтүп жатышат.

«Орусиядагы мигранттар жана алардын диаспоралары жыл сайын биздин банктардан ондогон миллиард доллар сатып алып, валютага болгон суроо-талапты жана курстун өсүшүн жасалма түрдө стимулдаштырууда», – деди Матвеев.

Эске салсак, Орусиянын Борбордук банкы доллардын расмий курсун 28-ноябрга 108 рубль деп белгилеген. Мындай курс акыркы жолу 2022-жылы Украинада согуш башталгандан бери байкалган.

Factcheck.kg’нин редакциясы мигранттардын акча которуулары чындап эле рублдин алсызданышына таасир эте алабы же жокпу аныктады.

Орусияда канча мигрант бар?

2024-жылдын 1-сентябрына карата Орусияда 6,2 миллионго жакын мигрант катталган. Салыштыруу үчүн, 2023-жылы 8,5 миллиондон ашык адам миграциялык каттоодон өткөн, бул мигранттардын саны 2,3 миллионго азайгандыгын айгинелейт. 2023-жылы мигранттардын агымы акыркы он жылдагы эң төмөнкү көрсөткүчтө болду.

Мигранттардын көбү жеке жана үй-бүлөлүк себептерден улам, мисалы, никеге туруу же үй-бүлөсүн бириктирүү үчүн келишкен. 28% гана жумуш издеп келүүнү негизги себеп катары көрсөтүшкөн.

Мигранттардын санынын азайышынын фонунда орус бийлиги миграциялык саясатты катаалдатууда. 2024-жылдын башынан бери мигранттарга талаптарды күчөткөн 12 жаңы мыйзам кабыл алынган.

Экспорт жана капиталдын кетиши: эмне үчүн мигранттардын акча которуулары – бул өтө эле аз

Мамлекеттик Думанын депутаты мигранттар Орусиянын экономикасынан “чоң каражаттарды” чыгарып жатканын айтты. Мигранттар которгон каражаттын көлөмүн башка экономикалык көрсөткүчтөр менен салыштырып карап  көрөлү.

2023-жылы Орусиядан товарлардын экспорту 425,1 миллиард долларды түздү, бул 2022-жылдагы 592,5 миллиард долларга караганда 28,3% аз. Ушул эле мезгилде импорт 11,7%га өсүп, 285,1 млрд долларды түздү. Ошентип, 2023-жылы Орусиянын тышкы соодасынын жалпы көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 19,4%га азайып, $710.2 млрд түздү.

Орусиядан капиталдын кетиши 2023-жылдын үчүнчү чейрегинде эки эсеге көбөйүп, экинчи чейрегиндеги 9 миллиард долларга салыштырмалуу 18 миллиард долларга жетти.

2023-жылдын тогуз айында капиталдын кетиши 48 миллиард долларды түздү.

Бул көрсөткүчтөрдү Орусиядан 2023-жылы 7,7 миллиард долларды түзгөн мигранттардын акча которууларынын көлөмү менен салыштырганда, мигранттардын акча которуулары жалпы экспортко жана капиталдын кетишине салыштырмалуу аз гана үлүштү түзөрүн байкасак болот. Ошентип, мигранттардын акча которуулары рублдин курсуна чектелген деңгээлде гана таасир тийгизет, өзгөчө экспорттук кирешелер жана капиталдын кетишинин масштабы сыяктуу ири факторлордун контекстинде.

Рублга таасир эткен негизги факторлор

Орус рублинин курсу бүгүнкү күндө рыноктук факторлордун таасири астында калыптанып, кырдаалга жараша эркин өзгөрүп турат. Ага төмөнкү аспектилер таасир этет:

  1. Тышкы сооданын көлөмүнүн, импорттук жана экспорттук баалардын өзгөрүүсү;
  2. Орусиядагы жана чет өлкөлөрдөгү инфляция жана пайыздык чендер;
  3. Экономикалык өсүү темпи;
  4. Инвесторлордун маанайын жана күтүүлөрүн аныктаган Орусиядагы жана дүйнөдөгү туруксуздуктардын мезгили;
  5. Санкциялар;
  6. Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн борбордук банктарынын акча-кредит саясатынын (АКС) өзгөрүшү.

Ошентип, валютанын курсу көптөгөн факторлордон көз каранды. Валюта курсун белгилөө процессине өлкөнүн борбордук банкы да кийлигиши мүмкүн. Кийлигишүүсүнүн деңгээли валюта курсунун режимине, валюта менен иштөө эрежелерине жана банктын валюта курсун башкаруу мүмкүнчүлүгүнө жараша болот.

Рублдин курсу эмне үчүн кулады?

Орусиянын Борбордук банкы рублдин долларга жана еврого карата арзандашын санкциялардан жана бизнестин тышкы соода эсептешүүлөрүнүн жаңы шарттарына ыңгайлашуусунан улам келип чыккан убактылуу көрүнүш деп эсептейт.

Эске сала кетсек, Украинадагы согуштан улам Орусиянын 50дөн ашык банкы, 40 баалуу кагаздарды каттоочусу жана каржы тармагынын 15 кызматкери АКШнын жаңы санкция пакетине кабылышкан.

Тыянак: калп. Чынында, рублдин алмашуу курсу көптөгөн факторлордун таасири астында калыптанат жана анын динамикасы төмөндө келтирилген элементтердин татаал өз ара аракеттенүүсүн чагылдырат: Орусиянын экономикасындагы валюталык кирешенин негизги булактары болуп эсептелген мунай жана газ баасы, инфляция, пайыздык чендер жана Борбордук банктын чечимдери, эл аралык геосаясий кырдаал, анын ичинде санкциялар жана соода чектөөлөрү, рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрү жана ички жана эл аралык деңгээлде рублга болгон ишеним.

Ошол эле учурда мигранттардын акча которууларынын көлөмү чынында эле чет элдик валютага болгон суроо-талапка белгилүү бир таасирин тийгизет, бирок бул таасир анчалык деле чоң эмес. Мигранттардын акча которууларынын көлөмү экспортко, импортко жана жалпы тышкы соодага салыштырмалуу 2% гана түзөт.