(Кыргыз) Адамча үн салган таш бака. Тасманы текшеребиз

(Русский) В соцсетях распространяется видео о черепахе, которая кричит человеческим голосом и питается трупами. Жутко! Но правда ли? Factcheck.kg проверил

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Сырдуу жаныбарды колуна кармаган адам тууралуу тасма социалдык тармактарда кеңири тарады. Андагы жаныбар вигу аталып, мүрзөлөрдүн тушунда жашаары жана көмүлгөн адамдын денесин казып жей тургандыгы  мүнөздөлөт.  Ал эми вигунун кыйкырыгы адамдыкындай угулганы – маркумдардын үнүн элестетет деп түшүндүрүлөт.

Factcheck.kg сырдуу вигу тууралуу маалымат канчалык деңгээлде чындыкка жатарын териштирди.

Видеонун төмөнүндө TikTok соцтармагынын видеоредакторунун логотиби жана тасма автору @mdandord1105 (учурда @danfords1105) тууралуу маалымат көрсөтүлөт. Автор видеого кыйкырган адамдын үнүн (Man Scream) колдонгонун жашырбайт. Демек, тасмага карата колдонулган үн – жасалма. Ал эми сырдуу жаныбарчы? Вигу тууралуу маалыматты текшеребиз.

«Вигу» деп интернеттен издөө салсак, биз кеп кылган тасмага калтырылган комментарийлерден башка маалымат табылган жок.

Ал эми жаныбардын сүрөтү аркылуу издөө салсак, кузгун же аллигатор таш бака деген жыйынтык чыкты. Бул жаныбар АКШнын түштүк-чыгышында, көбүн эсе Миссисипи дарыясынын бассейнинде отурукташкан.

Анын жашоосу бир гана суу менен байланышып, дарыя, канал, чөөттөрдөн орун алган. Сууда жашоочу жаныбарлар, алардын ичинен балыктар – бул таш баканын негизги азыгы. Ал эми анын мүрзөнүн жанында жашай турганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

«Франция 24» агенттигинин журналисттери  Техастагы «Крокодилдердин жолугушуулары» мекемесинин кызматкери менен баарлашкан. Биз кеп кылган тасма дал ошол «Крокодилдердин жолугушууларында» тартылганы маалым. Кызматкер атын атабастан, видео тууралуу төмөнкү маалыматты айтып берген. Тасма май айында турист тарабынан тартылган. Анда кыйкырган таш бака чынында үн чыгарган эмес. Негизи эле таш бакалардын болгон үнү – жай шыбыштар.

Жыйынтык:

– Адамча үн каткан таш бака тууралуу тасма –  фейк. Анын мүнөздөмөсү чындыкка дал келбейт. Роликте жасалма, эркек кишинин үнү колдонулган. Тасма каарманы, сырдуу жаныбар чынында табигатта кездешет, анын аталышы – кузгун таш бака.