(Кыргыз) Үй жаныбар ээлери COVID-19 вирусуна туруштук бере алат — далилсиз билдирүү

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Апрель айынын башында социалдык тармактарда үй жаныбар ээлери үчүн жагымдуу жаңылык тарады. Мышык жана ит баккан соц.тармак колдонуучулары үй жаныбарлар өз ээлеринин коронавируска каршы иммунитетин көтөрөрү тууралуу маалымат менен активдүү бөлүшүп атты.

 

Алгач HeadInsider сайты “Үй жаныбарлар өз ээлеринин COVID-19 вирусуна каршы иммунитетин көтөрөт” деген аталышта макаланы 2020-жылдын 14-апрелинде жарыялаган.

Бул сайт маалымат булагы катары «GlosWielkopolski» Польша басылмасын көрсөткөн.

Аталган басылма Мадриддеги чакан ооруканада иштеген Сабина Олекс-Кондор аттуу дарыгердин интервьюсун жарыялаган. Анда Сабина Олекс-Кондор Испаниядагы COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралар тууралуу айтып, үйдө жаныбар кармаган жана коронавирус жуктурган бейтаптары тууралуу өзүнүн жана кесиптештеринин байкоосу менен бөлүшкөн.

«Биздин байкашыбызга караганда арабыздан илдет табылса да, мышык баккан кесиптештерибиз иштеп жүрөт, ал эми үй жаныбарлары жоктор биринин артынан бири ооруп калып атат».

Белгилей кетчү жагдай Сабина Олекс-Кондор интервьюсунда бул тууралуу эч бир тыянак чыгарган эмес. Аны өзү да мындайча эскертет:

«Бул жөн гана менин байкоомдон улам келип чыккан гипотеза. Бул тууралуу изилдөөлөр же сурмажылоолор жүргүзүлгөн эмес».

Жыйынтык: Үй жаныбар ээлери COVID-19 вирусуна туруштук бере алары тууралуу билдирүү далилденген эмесПольша дарыгеринин байкоосун орус тилдүү интернет сайттары баштемага чыгарып, аны чындык катары беришкен.  Маалыматты далилдөө үчүн терең изилдөөлөр талап кылынат.