(Кыргыз) Абайлагыла, шылуундар! Рамазан айында мусулмандарга ноутбуктарды эч ким бербей эле

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Шылуундардын Рамазан айына байланыштуу кезектеги таркатмасы WhatsApp аркылуу таркатыла баштады. Бул жолу алар “ыймандуу мусулмандарга” каалаган өңдүрүүчүдөн каалаган баадагы бекер ноутбукту убадалап жатышат.

Аны үчүн адам төрт суроого жооп берип, жашын тастыктап бериши гана керек, ошондо ал бекер ноутбуктун бактылуу ээси болуп калат. Ошол эле кезде адамдан анын “ыймандуулугун” далилдеп берүү талап кылынбайт.

Factcheck.kg редакциясынын журналисттери “белекти” алуу механизмин тактап чыгышты.

Абайлагыла! Factcheck.kg редакциясы маалыматтык коопсуздуктун кызыкчылыгында бул аракеттерди кайталабаганга ЧАКЫРАТ!

Шылуундардын ушуга окшош фишинг кылуу аракеттери көптөн бери колдонулуп келет. Биздин редакция белгилүү дүйнөлүк бренддердин жана жергиликтүү компаниялардын аттарын жамынган ар түрдүү акциялардын шылуундук аракеттерин бир нече жолу ачыктаган болчу.

Кызыктуу сунуш

Таркатмада “Рамадан айында “Мусулман ноутбук колдонмолору 2023” деген программа жеткиликтүү” деп айтылат.

Авторлордун билдирүүсүндө “бул ыкма каржылык маселеге байланыштуу ноутбук сатып алалбаган, бирок окуусунда ноутбукка муктаж болгон бардык момун мусулмандар үчүн. Рамадан учурунда 960 000 мусулман окуусун жакшыртыш үчүн бекер ноутбуктарды алышат”.

Андан ары белекти алуу программасына шилтеме сунушталат. Кеңири колдонулуп келген интернет-браузерлердин антивирустары жана коргонуу тутумдары ушул эле баскычта бул шилтеме зыянкеч булакка алып барары тууралуу эскертүүнү бере башташат.

Таркатмадагы ойлонткон нерселер жана эмне үчүн шилтеме аркылуу өтпөш керек

Домен. Алгач көңүл бура турган нерсе – таркатмада көрсөтүлгөн сайттын дареги. Ал текстте дайыма көрсөтүлөт.

Whois кызматынын маалыматы боюнча, шилтемеде көрсөтүлгөн сайт 2023-жылдын 1-апрелинде гана катталган. Анын ээси тууралуу маалыматтын көбү жашырылган, бир гана ал Кытайдан экени көргөзүлгөн.

Мааниси жок анкеталар. Фактчекерлердин жана коопсуздук тутумунунун эскертүүлөрүнө карабай шилтеме аркылуу өткөндөргө сайттын биринчи бетинде эле анкетаны толтуруу жана жашын тастыктоо сунушталат. Суроолордун эч кандай зарылчылыгы жок, маанисиз, алар жыйынтыкка эч таасир этпейт. Аларга каалагандай жооп бере берсе болот.

Таркатмага катыштыруу жана жеке маалыматтарды алуу. Эмки баракта бир катар кадамдарды жасоо сунушталат, тагыраак айткандай, программа тууралуу маалымат менен 15 дос арасында же WhatsApp’тагы 5 топто бөлүшүү. Таркатманын жүрүшү атайын индикатордо көрсөтүлүп турат, ал 100%га чейин жетиши керек.

Чынында, ал толугу менен жашыл (100%) болушу үчүн көрсөтүлгөн сандан көбүрөк достор жана топтор арасында бөлүшүү керек болот. Болбосо колдонуучу эмки баракка өтө албайт.

Андан кийин финалдык текшерүү үчүн зарыл имиш кадамдар сунушталат. Алардын түпкү максаты – колдонуучу телефон номурун тастыктап, скрипт сунуштагандардын бардыгын көчүрүп, орнотуп алуусу.

Текст. Жасалма сайттын дагы бир көрсөткүчү. Текст орус тилине котормо кызматтарын колдонуу менен которулганы байкалып турат, анда толтура, айрым учурда күлкүлүү тапса көрсө болот.

Тутумдук тексттин бир бөлүгү, тагыраак айтканда англис тилиндеги сөздөр жана сандар жоонураак шрифт менен берилген. Оригиналдуу шрифт кириллицаны колдобогону байкалып турат, бирок авторлор скриптерди ыңгайлаштырууга көңүл бурушкан эмес.

Калп жеңүүчүлөр. Белектерди ойнотуу тууралуу тексттин алдында “утуп алган бактылуу адамдардын” пикирлери келтирилет. Пикирлер жазылган дата сайттын барагы ачылган сайын жаңыланып турат, б.а. пикирлер 10-20 мүнөт мурда “жаңы” эле жазылгандай түр калтырат. Бул катышуучуларды акция актуалдуу экендигин жана ноутбуктар дагы эле бар экенин көрсөтүш үчүн жасалган болушу мүмкүн.

Жагаттар жана пикирлер. Жагат деп белгилегендердин, пикир жазгандардын жана бөлүшкөндөрдүн санын көрсөтүү маанилүү деталдардин бири болуп эсептелет. Алардын саны он, жүз миңдеп саналат. Колдонуучу канчалык ары жылган сайын, бул сандар дагы өсүп турат. Кызыгы, айрым пикир жазгандардын аял экени көрүнүп турса да, пикирлердин бардыгы эркек адам жазгандай.

Жыйынтыктоо

Сунушталган бардык аракеттерди жасаган колдонуучу жарнамасы бар, же ушуга окшош белектер ойнотулган башка баракчаларга өтүп турат. Ошол эле кезде бул өтүүлөр компьютердин коопсуздугуна коркунучутуу экенин браузерлер такай эскертип турат.

Тыянак: зыяндуу шилтемелерди (фишинг) таркатуу максатында уюштурулган шылуундук. Ноутбукту утуп алам деген аракеттин жыйынтыгында адам вирустуу шилтемелерди таркатууга катышып, санариптик коопсуздугуна коркунуч жаратат.