(Кыргыз) “Ирония судьбы” тасмасынан Барбара Брыльсканы алып салуу демилгеси — жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Польшанын Экинчи дүйнөлүк согушта кылган кылыктары үчүн айтылуу “Тагдырдын тамашасы же Жеңил парыңыз менен!” (“Ирония судьбы, или с Лёгким паром!”) кинотасмасынын актрисасы Барбара Брыльсканы тасмадан алып салууну убадалаган. Мындай маалымат Жаңы жылдын алдында Facebook социалдык тармагында пайда болду. Жаңылык акылба сыйбас нерседей көрүнгөнү менен, ага ишенгендер да болду жана соц.тармактарда кызуу талкууга алынды.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрүүнү чечти.

Издөө системаларынын жардамы менен @BorisAbramich аттуу колдонуучунун Twitter баракчасына туш болобуз.

Дал ушул колдонуучу – маалыматтын алгачкы булагы, себеби ал биринчи ирет ушул тамашаны 2019-жылдын 24-декабрында жарыялаган.

Белгилей кетчү нерсе, Борис Абрамыч  аттуу твиттер баракча саясий тамаша, фейк жана башка акылга сыйбас маалыматты ар дайым жаратып келет.

Мындан тышкары, издөө системаларынын жардамы менен жаңылык тууралуу ТАСС, Interfax, “Российская газета”, РБК сыяктуу маалымат агенттиктери да жазып чыкканын көрө алабыз. Алар жаңылыгын твиттердеги посттон 3 саат мурун жарыялаган.

Көрсө, 2019-жылдын 24-декабрында президент Путин Федералдык жыйындын жетекчилиги менен жолуккан экен. Жолугушуу учурунда россиялык парламенттин төрагасы “Польша согушка чейин Германиянын фашисттик идеяларын колдогону үчүн кечирим сураса жарашат эле” деген билдирүү жасаган. Бирок Володиндин билдирүүсүндө актриса Барбара Брыльска тууралуу кеп болгон эмес.

Жыйынтык: фейк.  Барбара Брыльсканы легендарлуу тасмадан алып салуу демилгеси — Володиндин Польша тууралуу айткан сөзүнөн улам келип чыккан тамаша.