(Кыргыз) Россия вакцинасы коопсуз жана натыйжалуу деп таанылганы жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

COVD-19 пандемиясынын кесепетинен улам дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөр коронавируска каршы  вакцинаны иштеп чыгууга чамынышты. Бирок ушул күнгө чейин бир да өлкө тиешелүү натыйжа алганын кабарлаган эмес. Андыктан, 11-августта Россиянын алгачкылардан болуп коронавируска каршы вакцинанын таап чыккандыгы тууралуу жаңылык көпчүлүктү таң калтырып тим болбостон, илимий чөйрөдө да күмөн жараткан

11- августта каттоодон өткөн Россиялык «Спутник V» аттуу вакцина эки ирет сыноодон өтүп, анын жыйынтыгы 2020-жылдын 4-сентябрында  The Lancet журналына жарыяланган.  Вакцина алган соң, изилдөөгө катышкан 76 адамдын иммунитети көтөрүлгөн. Бирок АКШнын тамак-аш жана дары-дармек менен камсыз кылуу башкармалыгы (FDA) жана Европалык дары-дармек агенттиги үчүн иммунитеттин гана көтөрүлүшү вакцинаны натыйжалуу деп айтуу үчүн жетишсиз.

“Иммундук реакция коргонуу даражасына түз пропорционалдуу боло албайт – муну ири масштабдагы сыноолордо гана билүүгө болот”, – деп түшүндүрдү Лондондогу Империал Колледжинин эксперименталдык медицина профессору Питер Опшоу (Лондон, Улуу Британия).

Вакцианы иштеп чыккандар 21-сентябрда чет элдик кесиптештерине мындай комментарий берген:

“ушул тапта клиникалык изилдөөлөрдүн бири да аягына чыга элек, табылган кокустуктар, айрыкча алгачкы этаптардагы кокустуктар маалыматтардын дискреттүүлүгү жана катышуучулардын санынын аздыгы менен түшүндүрүлөт. Бул изилдөөнүн чектелип калганын биз моюнга алабыз”.

 

Жогоруда келтирилген фактыларга карабай,  21-сентябрда НТВ сайтында ТАСС агенттигине шилтеме берилип, “Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму россиялык вакцинаны коопсуз жана натыйжалуу деп тааныды” деген баштемада макала жарыяланган

ТАСС маалымат агенттигинде тиешелүү макала бар, бирок, анын баштемасы НТВ сайтында жарыяланган баштемадан айымаланып, “Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коопсуз жана натыйжалуу вакцинаны иштеп чыккандыгы үчүн Россияга ыраазычылыгын билдирди” деп жазылган

Макалада ДССУнун Европа боюнча аймактык директору Ханс Клюгенин Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко менен жолугушуусу жөнүндө сөз болгон. ДССУнун Европадагы Регионалдык бюросунда жарыяланган пресс-релизде “Доктор Клюге Россия Федерациясына COVID-19га каршы вакцинаны изилдөө жана иштеп чыгуу аракеттери үчүн, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен коопсуз жана натыйжалуу вакцина табуу боюнча  пикир алмашканы үчүн ыраазычылык билдирди” деп айтылган.

ДССУнун расмий сайтында россиялык вакцина тууралуу маалымат табылган жок. Ал эми COVIDди дарылоо үчүн эффективдүү дарыны табуу боюнча эл аралык Solidarity атту клиникалык изилдө жөнүндө айтылган.

 

Жыйынтык. Жалган. Россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары “Спутник V” вакцинасы тууралуу айтылган сөздөрдү бурмалаган.