(Кыргыз) Алкоголго мамлекеттик монополия киргизүү боюнча экинчи аракет камакка алуулар жана “белектер” менен башталды. Иликтөө-талдоо

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кыргызстанда акыркы жумада алкоголь өндүрүшүндө бир катар окуялар болду. Спиртти жана “Аю” арагын өндүрүү боюнча заводдор мамлекетке өткөрүлүүдө, айрымдар аны улутташтыруу десе, башкалар – өз эрки менен өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы – белеги деп жатышат. Көп өтпөй Forester компаниясынын жетекчиси камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына отургузулганы белгилүү болду. Forester – Кыргызстандагы күчтүү жана алкоголу аз ичимдектиринин, ширелердин, энергетиктердин ж.б. продукциялардын эң ири дистрибьютору болуп эсептелет. Компаниянын өзүндө тинтүүлөр жүргүзүлгөн.

Эки бизнес тең бюджетке ири салык төлөөчүлөр – жүз миллиондогон салыктарды төлөшөт. Ал эми 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Forester өзү эле бюджетке рекорддуу 1.2 млрд сом төккөн. 

Factcheck.kg редакциясынын журналисттери компаниялар тууралуу негизги маалыматтарды чогултуп, 90-жылдардагы ушуга окшош мамлекеттик монополия киргизүү аракети кандай болгонун жана учурдагы спирт өндүргөн жападан жалгыз мамлекеттик ишкананын – “Кара-Балта спирт заводунун” абалы кандай экенин аныктады.

Forester’дин жана анын ээлеринин тарыхы 

Forester” ЖЧКга чет элдик тараптын катыштыгы бар (кайсы өлкөнүкү – белгисиз). Ал 1997-жылы негизделген. Компания Кыргызстанга 150 бренддин 1200 аталыштагы продукциясын – алкоголь, шире, энергетик, консерва, денеге кам көрүү каражаттары – алып кирет. 

osoo.kg маалыматтар базасынын маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери Forester бюджетке төккөн салыктар:

Өткөн жылдын сентябрына чейин компаниянын жалгыз негиздөөчүсү Snowbird Resources Ltd фирмасы болгон, муну биз osoo.kg маалыматтар базасынан аныктадык. Белгилей кетүүчү маанилүү жагдай, бул компания тууралуу эч бир маалыматты интернеттен табуу мүмкүн болбоду. Андан сырткары, OpenCorporates компаниялардын жана корпорациялардын эң чоң эл аралык маалымат базасында “Snowbird Resources Ltd” деген аталыш боюнча издегенибизде Канадада бир жана АКШда үч компанияны таба алдык, бирок алардын бардыгы учурда иш алып барышпайт экен. 

Ошентип фирманын өлкөсү жана анын расмий ээлери – белгисиз. Ачык булактарда эч бир маалымат жок, бул таңгалычтуу, анткени кандай гана фирма болбосун ал тууралуу негизги маалыматтарды – жок дегенде негиздөөчүлөрү тууралуу жана дарегин – тапса болот.

Ошол эле кезде Snowbird Resources Ltd Кыргызстандагы эң ири бизнеске ээлик кылат. Алар:

  • Умай групп” – ага Globus, “Народный” жана “Достор” тармактары кирет, бул жылдын толук эмес төрт ай аралыгында эле 469.4 млн сом салык төлөгөн
  • Балтийская волна” – алкоголдук ичимдиктерди жана башка продуктыларды дүңүнөн соода кылуу
  • Ачыктык” – өзүнүн кыймылсыз мүлкүн ижарага берүү, был жылдагы салык төлөмдөрү 6.5 млн сомду түзгөн
  • ECOTERRA” – жүк ташуучу темир жол транспортунун иш алып баруусу, был жылдагы салык төлөмдөрү 12.5 млн сомду түзгөн.

Snowbird Resources Ltd учурда Forester компаниясына ээлик кылбайт. Ал өткөн жылы сентябрда кайра каттоодон өткөн, жаңы негиздөөчүлөрү катары Rada Finance Co. Ltd жана Goodman Group Services Limited көрсөтүлгөн.

01903199710087_removed

Страницы PDF-файла можно перелистнуть стрелками внизу документа.

 

Forester’дин мурдагы негиздөөчүсү сыяктуу эле эки жаңы негиздөөчү компаниялар тууралуу эч бир маалыматты интернеттен табуу мүмкүн болбоду. Андай маалымат эл аралык маалыматтар базасында да жок.

Ушул эле эки компания 2021-жылдан бери алкоголь ичимдиктеринин дагы бир импортеруна – “Сибирь трейд” компаниясына ээлик кылышат (ал 2005-жылы негизделген, “Сибирская корона”, Hoegaarden, Stella Artois, Staropramen пиволорун, Jack Daniel`s вискисин, Cinzano вермутун, Finlandia арагын жана башка ичимдиктерди импорттойт). 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бул компания Кыргызстандагы ТОП-500 ири салык төлөөчүлөрдүн катарына кирген. Ал эми ишмердүүлүгү алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана дүңүнөн сатуу менен байланышкан ишканалардын арасында – Forester (1.2 млрд сом) жана “Аю” (634 млн сом) компанияларынан кийинки эле үчүнчу орунда турат, ал бюджетке 614 млн сом төккөн.

“Сибирь трейд” жана Forester компаниялардын бир тобу болуп эсептелет.

Forester компаниясынын директору Александр Черепов, макалабыз жарыяланган учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан үй камагына чыгарылган болчу. Ал бул кызматка 2021-жылы келген. Ага чейин фирманы Вячеслав Салюков жетектеп келген.

ЖМКлардагы маалымат боюнча, Черепов Салык кызматынын кызматкерине карата жемкорлук боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалган. Күч түзүмүндөгү булактар билдиргендей, мамлекетке 200 млн сомго жакын зыян келтирилиши мүмкүн. Учурда фирманын эшигине мөөр басылып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

“Аюдан” “белектер”

“Токмок Буллс” ЖАК спиртзаводу

«Аю» ЖЧКсы 2007-жылы түзүлгөн жана «Аю-Холдингдин» 28 ишканасынын курамына кирет. Компаниянын толук профили osoo.kg маалымат базасында:

00611200710030_removed

Страницы PDF-файла можно перелистнуть стрелками внизу документа.

 

14-апрелде эртең менен “Кабар” Улуттук маалымат агенттигинин сайтында президент Садыр Жапаров менен интервью жарыяланган. Анда мамлекет башчы өлкөдөгү ири компаниялардын бири “Аюнун” спирт жана арак заводдорун “конфискация” кылуу тууралуу да сөз кылган: 

““Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. “Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек” деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат”, – деп билдирди Жапаров.

Эми osoo.kg маалыматтар базасына таянып, “Аю” компаниясы акыркы жылдары бюджетке канча өлчөмдөгү салыкты төгүп келгенине көңүл буралы: 

Коомдук резонанстан кийин заводго байланыштуу кырдаал боюнча бир катар уюмдар жана аткаминерлер пикирлерин билдиришип, бирок аны эми “конфискация” дебей, өлкөнүн экономикасына “өз ыктыяры менен жардам” дей башташты.

Экономика министри Данияр Амангелдиев “Аю” заводдорду өз эрки менен берип жатат деп билдирип, мыйзамсыз продукция гана конфискация кылынган деп тактады. Ал эми заводдун жетекчилиги жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мүлктү мамлекетке өз эрки менен өткөрүп берүү тууралуу меморандумду түзүп жатышат.

Ошол эле 14-апрель күнү кечинде, “Аюнун” заводундагы тинтүүлөр тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсү таркатылды. Милиция мыйзамсыз колдонуудагы 260 тонна спиртти жана жасалма акциздик маркасы бар 13 миң бөтөлкө аракты тапкан.  

Билдирме. “Аю-Холдингине” 28 ишкана кирет, алардын үчөөсү аракты жана спиртти өндүрөт:

  • “Аю” ЖЧК (“Аю-Холдингге” кирет) 2003-жылы негизделген. Компания өзүн сатуу көлөмү боюнча лидер жана Кыргызстандын алкоголдук ичимдиктер рыногундагы №1 компания деп эсептейт. Заводдо АРКОР компаниясы өндүргөн алдыңкы немис жабдыктары орнотулган. Алардын айтымы боюнча, “Аю” жогорку сапаттагы алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүдө платина, алтын жана күмүш чыпкаларды колдонгон Кыргызстандагы жападан жалгыз завод болуп эсептелет.  
  • Спиртзаводдун веб-баракчасында “Аю” ЖЧКсына ректификацияланган этил спиртин чыгаруучу цех таандык экендиги жана аны өндүрүү боюнча алдыңкы ишкана болоору айтылат. Заводдун жогоркутехнологиялуу өндүрүшү, туруктуу инфратүзүмү жана анын продукциясын жактырган керектөөчүлөрдүн кенен кардарлар базасы бар. 
  • “Аю-Холдингдин” дагы бир ишканасы – “Токмок Буллс” ЖАК – алардын өзүлөрүнүн айтымында, “ректификацияланган этил спиртин чыгаруу боюнча алдыңкы ишканалардын бири” болуп саналат. Бул ишкананын да жогоркутехнологиялуу өндүрүшү жана туруктуу инфратүзүмү бар.

Спиртке мамлекеттик монополия

Былтыр 1-сентябрдан тартып өлкөдө этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилген. Президент жарлыкка 2022-жылдын 12-июлунда кол койгон.

Жалпак тил менен айтканда, өлкөдөгү бардык алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчүлөр спиртти эми мамлекеттен гана сатып алып, өзүлөрүнүн спирт өндүрүштөрүн токтотушу керек. Бул жарлыктын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү үчүн Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөн.

Бийлик муну этил спиртин контрабандалык ташып келүүгө бөгөт коюу, республикалык бюджетке салыктык төлөмдөрдүн толук түшүүсүн камсыз кылуу максаттары менен түшүндүргөн. Бирок бизнес, мисалы “КыргызАлкоПром” ассоциациясы буга каршы чыккан болчу. Ишкерлер монополизациягы каршы жүйөлөрүн келтирип, аны киргизүүнү токтотуу суранычы менен президентке кат жолдошкон:

 

Катта монополизация жемкорлукка, сапатсыз продукциянын өндүрүлүшүнө, спирттин импортунун өсүшүнө жана ата мекендик продукциянын наркынын өсүшүнө алып келери белгиленген. Жарлык “республикада ишкерлердин нормалдуу иш алып баруусу, рынокто ак ниет атаандаштыктын өнүгүүсү учун шарттарды бузуп, тармакка зыяндуу таасирин тийгизет” деп айтылат.

Алкотарых жана статистика

Жарлык жарыяланган маалда мамлекеттин спирт өндүргөн бир гана ишканасы болгон – “Кара-Балта спирт заводу”, жыйынтыгында ал спирт өндүрүүгө эксклюзивдүү укук алды. 

Заводдун тарыхы кыскача мындай: мамлекеттик ишкана 1942-жылы ишке киргизилген Кара-Балта кант комбинатынын негизинде түзүлгөн. 1992-жылы “Кара-Балта спирт заводу” Кара-Балта кант комбинатынын курамында приватташтырылган болчу.  Мамлекеттин спиртти өндүрүүгө жана сатууга монополия киргизүү аракетинин алкагында 2000-жылы ал мамлекеттик ишканага айландырылган. Кийинки 20 жылда завод жакшы күндөрдү да – продукциянын эң чоң көлөмдөрү, монополия, сапаты үчүн сыйлыктар – жаман күндөрдү да – жеке менчик ишканалар менен атаандаша албай 2014-жылы беш жылга жабылып калып, 2020-жылы гана кайра иштей баштаган – башынан кечирди.  

Билдирме: алкоголго биринчи мамлекеттик монополия 1998-жылдан тартып 2009-жылга чейин колдонулган. Мамлекеттик ишканалардын чыгымдарга кириптер болгону үчүн алынып салынган. Анда мыйзамдын максаты “спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө натыйжалуу мамлекеттик контролду камсыз кылуу,  спиртти  жана алкоголдук  продукцияны өндүрүүдөн жана сатып өткөрүүдөн түшүүчү салыктарды жыйноонун толуктугун камсыз кылуу, сапатсыз жана жасалма алкоголдук  продукцияларды сатуудан рынокту арылтуу” болгон. Башкача айтканда, 2022-жылдагы президенттин жарлыгында да ушул эле нерселер айтылат.

Мамлекеттин дагы бир спиртзаводу бар болчу – Караколдо. Бирок 2016-жылы мамлекеттик ишкана банкрот деп табылып, аукционго коюлган.

Былтыр, “КыргызАлкоПромдун” маалыматтарына ишенсек, жаңы монополия киргизилгенге чейин Кыргызстанда беш жеке менчик спирт заводдору иштеп келген (алардын аталыштары келтирилбейт). Алардын экөөсү, Кара-Балта заводунан айырмаланып, “альфа” классындагы спиртти чыгарышкан. Элита арагын өндүрүү үчүн так ушундай спирт колдонулат, анткени ал жогорку деңгээлдеги таза спирт болуп эсептелет жана анын курамындагы этилдин үлүшү аз болот. Кара-Балта заводу болсо азыркыга чейин “люкс” классындагы спиртти гана чыгарат. Ассиоциацияда билдиришкендей, ал сапаты боюнча төмөн эсептелет жана советтик стандарттар боюнча жасалат.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, мамлекеттик ишкана бюджетке 79.5 млн сом салык төлөгөн. Бирок 2023-жылдын 1-мартына карата ишкананын камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча 17,5 млн сомдон ашык карызы бар. Бул маалымат osoo.kg кызматынын аналитикалык отчетунда келтирилет.

2022-жылдын акырына карата Кыргызстанда 123 компания иштеп жатат, алардын негизги ишмердүүлүгү ГКЭД классификаторунун төмөнкү топторуна кирет:

11.01.0: Спирттерди тазалоо, дистилляциялоо жана аралаштыруу
11.02.0: Жүзүмдөн шарап өндүрүү
11.03.0: Сидр жана башка мөмө-жемиш шараптарын өндүрүү
11.04.0 Ачытылган материалдан башка дистилденбеген суусундуктарды өндүрүү
11.05.0: Сыра өндүрүү
46.34.0: Алкоголдук жана башка суусундуктарды дүңүнөн сатуу

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы тарабынан такай жарыялануучу салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча ири карызы бар төлөөчүлөрдүн тизмесинде сегиз уюм байкалган, алар osoo.kg маалымат базасынын аналитикалык отчетунан (кызыл менен белгиленген):

 

Наименование организации Вид деятельности Выплаты (сомов) Руководитель Учредители/участники
ОсОО “Forester” (“Форестер”) Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 1 213 238 356,56 Черепов Александр Александрович Компания “Rada Finance Co. Ltd” (“Рада Файненс Ко. Лтд”), Компания “Goodman Group Services Limited ” (“Гудмэн Груп Сервисес Лимитед”)
ОсОО “АЮ” Очистка ректификация и купажирование спиртов 634 239 692,48 Исаев Тыныбек Абдыкеримович ОсОО “Глобал МИЛК”, Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович
ОсОО “Siberia Trade” (“Сибирь Трейд”) Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 613 877 477,06 Джанузаков Талайбек Нарынбекович Компания “Rada Finance Co.Ltd” (“Рада Файненс Ко. Лтд”), Компания “Goodman Group Services Limited” (Гудмэн Груп Сервисес Лимитед)
ОсОО “Абдыш-Ата” Производство пива 544 508 140,19 Сакебаев Азат Советбекович Сакебаев Советбек Абдышевич
ОсОО “Столичный винно-водочный завод” Очистка ректификация и купажирование спиртов 446 196 612,78 Кадыров Эрнис Эмилбекович Сманов Руслан Талаевич, Койчиева Калима Дуйшалиевна, “Кварта” Жоопкерчилиги чектелген коому
ОсОО “Кыргыз Коньягы” Очистка ректификация и купажирование спиртов 249 696 524,51 Маматханов Ислам Валижанович Ибрагимов Тимур Сергеевич, Ибрагимов Сергей Мухамедович
ОсОО “Аквафорум” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 87 767 269,08 Кужашев Асылхан Назарбаевич Кужашев Асылхан Назарбаевич
ГП “Кара-Балтинский спиртовый завод” Очистка ректификация и купажирование спиртов 79 529 235,99 Ибраев Аман Жумагулович Правительство Кыргызской Республдики
ОсОО “ОДЭКС” Очистка ректификация и купажирование спиртов 73 803 463,8 Ахунбаев Иса Мустафаевич Ахунбаев Иса Мустафаевич, Исмаилова Наиля Рашидовна
ОсОО “Большая медведица” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 57 554 467,63 Байсабаев Эльдар Рысбекович CONTA SYSTEMS LIMITED (КОНТА СИСТЕМС ЛИМИТЕД), NEW HALL INVESTMENT LIMITED (НЬЮ ХОЛ ИНВЕСТМЕНТ ЛИМИТЕД), Гаджиев Али Багаутдинович
ОсОО “Бишкек АлкоПром” Очистка ректификация и купажирование спиртов 52 420 845,51 Ахматов Азамат Сагынбекович Кирсанова Светлана Александровна
ОсОО “Кыргызшампаны” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 47 989 978,66 Чаткалбаев Алымбек Алтымышович Чаткалбаев Алымбек Алтымышович
ОсОО “Аймэкс групп” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 46 371 446,0 Эргашев Шохрух Нематжанович Мирзаев Даврон Сухбатиллаевич
ОсОО “Legion Asia Distribution” (“Легион Азия Дистрибьюшн”) Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 38 722 307,68 Артыходжаев Рустамжан Махмутходжаевич Компания с ограниченной ответственностью АЗИЯ СТАР ЛИМИТЕД (ASIA STAR LIMITED), Акционерная компания “Эйприл Груп С.А. (APRIL GROUP S.A.), Гаджиев Али Багаутдинович
ЗАО “Голден Дринкс” Производство пива 35 842 061,08 Молдошев Руслан Алдашевич согласно списку
ОсОО “Винодел” Производство вина из винограда 32 929 618,91 Мухамбетбердиев Таалайбек Мухамбетбердиевич Исаева Айгул Абдыкеримовна
ОсОО “Аламан Трейд” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 22 089 440,42 Буренко Андрей Олегович Буренко Екатерина Дюнхаковна, Князева Наталья Юрьевна, Курильский Владислав Борисович
ОсОО «Аксууйский спирт завод» Очистка ректификация и купажирование спиртов 18 072 043,23 Андакеев Иманбай Калыбаевич Бузурманкулова Венера Окунбековна, Койчиева Калима Дуйшалиевна, Кенжебаева Гулбайра Какеновна, Бусурманкулов Руслан Кадырбекович
ОсОО “Нэтфилд трейд” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 16 373 084,0 Осмоналиев Рустам Мирельевич Худов Леонид Викторович, Осмоналиев Рустам Мирельевич, Ибрагимова Джамиля Рустамовна
ОсОО “MegaOpt” (МегаОпт) Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 16 081 393,1 Налеухина Надежда Вячеславовна Налеухина Надежда Вячеславовна
ОсОО “Балыкчы Алко Трейд” Очистка ректификация и купажирование спиртов 14 298 227,47 Кадыркулов Тагай Абдыжапарович Кожомергенов Алмазбек Жолдошбекович, Турдубаева Жыпара
ОсОО “Винап-Алко” Производство вина из винограда 13 590 478,26 Баркалбасов Акылбек Асанович Цой Виктория Вячеславовна, Луданова Светлана Павловна, Чамбулатова Раушан Абдакимовна
ОсОО “STB” LTD (“Эс Ти Би” ЛТД) Производство пива 13 248 388,0 Турищев Александр Петрович Турищев Александр Петрович, Бем Алексей Михайлович
ОсОО “СУЙОР” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 9 600 674,74 Кудайназарова Тиляхан Калмуратовна Кудайназарова Тиляхан Калмуратована
ОсОО “K. K. Company” (Кей. Кей. Компани) Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 8 083 169,0 Ким Евгения Юрьевна Ким Евгения Юрьевна
ОсОО “Вайн энд Спиритс КГ” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 5 905 215,0 Иманжанов Бахтияр Валиджанович Алдаяров Алмаз Нуркулович
ОсОО “Хантер груп” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 5 482 570,78 Орозбеков Бакыт Орозбекович Койчиева Калима Дуйшалиевна
ОсОО “Таврида” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 5 239 565,0 Жинжиров Александр Петрович Жинжиров Александр Петрович
ЗАО “Имфико” Производство пива 5 005 089,79 Штейнбах Вильгельм
ОсОО “ГУДМИТ” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 4 638 460,0 Гуров Дмитрий Борисович Гурова Евгения Викторовна, Гуров Дмитрий Борисович
ОсОО “Wine Trade” (“Вайн Трэйд”) Очистка ректификация и купажирование спиртов 4 383 301,33 Усубалиев Улан Эдуардович Усубалиев Улан Эдуардович
ОсОО “Энотека” Производство вина из винограда 4 259 417,0 Шарифулина Гулжан Маратовна Шарифулина Альмира Анваровна
ОсОО “Балтика” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 4 017 835,0 Майликов Азамат Джаныбекович ОсОО “Пивоваренная компания “БАЛТИКА”
ОсОО “Алманбет” Производство сидра и прочих плодово-ягодных вин 2 904 074,0 Байназарова Бурулча Мамасалиевна Байназарова Бурулча Мамасалиевна
ОсОО “ЛюдиВин” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 2 491 750,58 Шагинян Петрос Андраникович Шагинян Петрос Андраникович
ОсОО “Nova-Vina” (Нова-Вина) Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 2 259 770,0 Шапутье Матильда Акционерное общество М ШАПУТЬЕ
ОсОО “Жилик” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 1 559 495,72 Даярбекова Райхан Даярбекова Райхан
ОсОО «САМВИНТРЕСТ» Производство вина из винограда 1 533 010,0 Баиндурашвили Георгий Абесаломович Баиндурашвили Георгий Абесаломович
ОсОО Алай-К Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 1 504 168,0 Дубанаев Эшназар Дубанаев Эшназар Омурзакович
ОсОО “Пивоваренная компания “KOLOS” (“КОЛОС”) Производство пива 1 378 571,01 Галаев Виталий Васильевич Субанбеков Таалайбек Джамалович, Субанбеков Бектур Бакирдинович, Пархачев Виктор Владимирович
ОсОО “Пивная Академия” Производство пива 1 272 275,0 Оморова Чолпон Кушубаковна Маметжанов Аскарбек Маметтурдуевич
ОсОО “Лид Интернэшнл” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 1 167 639,0 Ван Цзюньчжун Ван Цзюньчжун
ОсОО “Марай и Ко” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 992 814,0 Махамадали кызы Нургул Махамадали кызы Нургул
ОсОО “Амарилло К” Производство пива 947 122,32 Алдошкина Дарья Николаевна Кишенин Сергей Сергеевич
ОсОО “Юг пром” Производство вина из винограда 930 669,97 Кудайкулов Жамалидин Топчубаева Абиба Кудайкуловна
ОсОО “Соммс” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 803 086,0 Блюмис Пхетмали Сомпхановна Эрдешов Азамат Аскарбекович, Маршал Стефан Майкл, Тейлор Найджел Фредерик
ОсОО “Торговый дом “Кыргызшампаны” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 801 970,0 Чаткалбаев Алымбек Алтымышович Чаткалбаев Алымбек Алтымышович
ОсОО “Кыргыз бальзамы” Очистка ректификация и купажирование спиртов 757 593,0 Азизбаев Ахмат Нурмухамедович Азизбаев Ахмат Нурмухамедович
ОсОО “Вайн Шоп” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 690 094,92 Шкарупа Ольга Владимировна Галилеев Максим Ильич, Галилеева Полина Ильинична, Галилеева Елена Алексеевна, Шкарупа Ольга Владимировна
ОсОО “Новый бренд” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 655 581,0 Арапбаев Тынарбек Турдумаматович Арапбаев Тынарбек Турдумаматович
ОАО “Алтын Суу” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 649 843,0 Токтоназар уулу Чынгыз акционеры
ОсОО “СТ Трейд” Производство пива 596 851,0 Султакеев Эмиль Токтогулович Сарыбаев Самат Эдилбекович, Чубакова Асель Тулегеновна
ОсОО “VITA DRINKS” (ВИТА ДРИНКС) Производство прочих недистиллированных напитков из сброженного материала 482 232,0 Пак Юрий Павлович Ен Виталий Анатольевич
ОсОО “Адан Траст” Оптовая неспециализированная торговля 417 316,0 Мамаева Гульзина Аданбаевна Кыязов Адилет Субанбекович, Мамаева Гульзина Аданбаевна
ОсОО “ФОРЭНДИ” Очистка ректификация и купажирование спиртов 390 538,63 Досматов Кыялбек Азатбекович Бактиева Бурмаш, Жангоз Четин Илхан
ОсОО “ЭТД” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 367 562,0 Ташиев Нурланбек Адилбекович Ташиев Нурланбек Адилбекович
ОсОО “Хэдлайнер” Производство пива 330 401,0 Ибраимов Тимур Санжарбекович Ибраимов Тимур Санжарбекович
ОсОО “Аква Арденс Интернейшнл” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 316 178,0 Бахмутова Марина Сергеевна Маленов Ырысбек Байдылдаевич
ОсОО “Бутлеггер” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 312 657,5 Орозбаев Уланбек Абдулдаевич Орозбаев Уланбек Абдулдаевич
ОсОО “Интер Старт” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 290 292,0 Ташиев Бекболот Зулпукарович Ташиев Бекболот Зулпукарович
ОсОО “Булак Трейд” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 271 726,0 Кадырбеков Бакытбек Кадырбекович Кадырбеков Бакытбек Кадырбекович
ОсОО “Булан Урмат” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 261 707,0 Султанов Урмат Жекшенович Султанов Урмат Жекшенович
ОсОО “Марун” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 254 607,0 Лигай Александр Владиславович Лигай Александр Владиславович
ОсОО “БИЗОН крафт бир” Производство пива 236 801,0 Усубалиев Улан Эдуардович Усубалиев Улан Эдуардович
ОсОО “Винъярд” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 234 880,0 Шарифулина Гулжан Маратовна Ковшова Ирина Анатольевна, Шарифулина Гулжан Маратовна
ОсОО “GPA Private Label” (ДжиПиЭй Прайвит Лэйбл) Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 204 751,25 Акматов Бакыт Озгорушевич Исламкулов Талгат Кайратович, Акматов Озгоруш, Осмонов Улан Шакарбекович, Худояров Эмильбек Сулкарбекович, Мукамбетов Нурбек Сагымбекович, Султанов Манасбек Талантович
ОсОО “Лето Боттлерс” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 203 178,0 Карасев Андрей Алексеевич Карасев Андрей Алексеевич
Филиал ЗАО “Atakyk Group”(Аталык Групп) “Аталык Озгон” Производство пива 196 500,0 Матмусаев Таалайбек Кокотаевич Замените на физическое лицо 2, Замените на физическое лицо 1, “Atalyk Group”(Аталык Групп) ЗАО
ОсОО “Бир Завод” Розничная торговля в неспециализированных магазинах прочими товарами 194 660,53 Егай Инна Степановна Егай Инна Степановна
ОсОО “Алай-Кут” Производство вина из винограда 175 722,0 Туманов Келдибек Туманович Туманов Келдибек Туманович
ОсОО “Кружка ПАБ” Производство пива 172 248,0 Абдурахманов Эльдар Турсунович Абдурахманов Эльдар Турсунович
ОсОО “ВИНЛАБ” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 167 842,0 Бонд Айзат Салмоорбековна Бонд Айзат Салмоорбековна
ОсОО “Сонун Капитал” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 152 530,0 Осекова Сонун Осекова Сонун
ОсОО “Кара-Балтинский водочный завод” Очистка ректификация и купажирование спиртов 150 000,0 Эсеналиев Марсбек Дуйшонович Мурадылов Рустам Асанович, Байбосунов Нурмукамед Алдаярбекович, Эсеналиев Марсбек Дуйшонович
ОсОО “Аза Арпа” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 139 842,0 Мамбетисаев Азамат Жанышбекович Мамбетисаев Азамат Жанышбекович
ОсОО “Нитро Макс” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 128 310,0 Гапаров Алтынбек Адилжанович Гапаров Алтынбек Адилжанович
ОсОО “Altash Trade” (Алташ Трейд) Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 102 242,63 Шерстюк Олег Вячеславович ОсОО “Центр Развития”, Компания “Tesaros Corp.”
ОсОО “Частная винокурня Антоненко с сыновьями” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 98 076,0 Антоненко Дмитрий Владимирович Борисов Валерий Борисович, Антоненко Дмитрий Владимирович
ОсОО “Венское” Производство пива 97 144,0 Сабитов Тахир Таштохунович Сабитова Саида Азаматовна, Сабитов Таштохун Абдукаримович
ОсОО “Крафт Бир Дистрибьюшн” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 96 077,0 Гилязитдинов Ринат Закиевич Гилязитдинов Ринат Закиевич
ОсОО “Бир энд Брют” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 93 135,0 Кузнецов Сергей Викторович Юсим Татьяна
ОсОО “Барс Трейд Компани” Производство прочей верхней одежды 84 268,5 Шаршенов Бактыбек Арсланбекович Кулматов Адилет Бейшенкулович, Даирбеков Айбек Даирбекович, Шаршенов Бактыбек Арсланбекович
ОсОО “Золотой круг” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 81 853,0 Ысаков Сагынбай Ысаков Сагынбай
ОсОО “Универсал-Бизнес” Производство прочих недистиллированных напитков из сброженного материала 64 435,0 Пиримкулов Айбек Абдыманапович Пиримкулов Айбек Абдыманапович
ОсОО «КЫРГЫЗГЛАСС ХАУС» Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 57 433,0 Смолякова Наталия Александровна Смолякова Наталия Александровна
ОсОО “Ысыккол ширеси” Производство фруктовых и овощных соков 42 959,0 Ибраев Жениш Карыпбекович Ибраев Жениш Карыпбекович
ОсОО “Корея Логистикс” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 41 343,0 Чой Чангвон Канкулиев Султан Абасбекович, Чой Чангвон
ОсОО “АЛКО ЛЮКС” Производство прочих недистиллированных напитков из сброженного материала 40 050,0 Садыков Улугбек Сабирович У Яньтянь, Дэн Юн
ОсОО “Империал Алко и Ко” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 39 482,0 Сабитов Чынгыз Баратбекович Деисадзе Леван, Сабитов Чынгыз Баратбекович
ОсОО “Дамир Компани” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 37 370,0 Топчуев Дамир Таалайбекович Топчуев Дамир Таалайбекович
ОсОО “Аманай Холдинг” Производство прочих недистиллированных напитков из сброженного материала 36 893,0 Минбаев Каныбек Женишбекович Минбаев Каныбек Женишбекович
ОсОО “Экопродукт” Производство вина из винограда 36 233,0 Исаева Кадырбек Шайдинович Исаев Кадырбек Шайдинович, Жилин Евгений Николаевич
ОсОО “Кыргыз Органик Фудс” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 32 588,0 Маметжанов Аскарбек Маметтурдуевич Маметжанов Аскарбек Маметтурдуевич
ОсОО “Тоскана” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 26 321,96 Галилеев Илья Викторович Каспер Руслан Владимирович, Галиллеев Илья Викторович
ОсОО “Мариам” Производство пива 21 113,0 Койчиева Асель Кенешбековна Кан Лидия Егоровна, Койчиева Асель Кенешбековна
ОсОО “Adeco Group” (Адеко Груп) Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 15 000,0 Даярбекова Райхан Абдрасулова Фатима Корошевна, Омуракунова Мээрим Даниловна, Султанбаев Эмиль Джакшылыкович, Даярбекова Райхан
ОсОО -“Алай Актык” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 13 900,0 Жусупбаев Тагайбек Исмаилов Батырбек
ОсОО “БАМ Интернейшнл” Очистка ректификация и купажирование спиртов 12 670,0 Скоропадский Максим Скоропадский Максим
ОсОО “Винпункт-Бешкент” Производство вина из винограда 11 000,0 Джумабаев Курбанбек Гиязович Джумабаев Курбанбек Гиязович
ОсОО “Bozen” (“Боцен”) Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 10 100,0 Кузьмин Владимир Владимирович Кузьмин Владимир Владимирович
ОсОО “Ривер Групп” Оптовая неспециализированная торговля 6 111,0 Шакиров Бакыт Асанович ОсОО “Центрально-Азиатская Почтовая Служба”
ОсОО “Исаай” Производство вина из винограда 6 021,0 Ван Дунчжэн Чжан Сумэй
ОсОО “КелиотисГрупп” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 5 850,0 Келиотис Андрей Валерьевич Келиотис Андрей Валерьевич
ОсОО “Тау КейДжи” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 4 700,0 Султанов Азиз Бактыбекович Султанов Азиз Бактыбекович
ОсОО “Кыргыз Сапат” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 4 607,0 Алексеев Алексей Михайлович Алексеев Алексей Михайлович
ОсОО “Кросс-Бордер Трэйд” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 4 450,0 Тагаев Шабдан Кадырбаевич Тагаев Шабдан Кадырбаевич
ОсОО “Алтын шампаны” Производство вина из винограда 3 500,0 Кадыров Эрнис Эмилбекович ОсОО “Кварта”, Сманова Зулихат
ОсОО “Нью Азия Сервис” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 3 407,0 Лемеш Сергей Олегович Лемеш Сергей Олегович
ОсОО “Техас лтд” Производство прочих недистиллированных напитков из сброженного материала 3 200,0 Бейшенгазиева Эльвира Калыйбековна Бакиров Эрлик Атабекович, Бекиров Муждаба Лемарович
ОсОО “Файн Вайн” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 1 607,0 Арпачиев Камчибек Сабырбекович Арпачиев Камчибек Сабырбекович
ОсОО “Табигат” Очистка ректификация и купажирование спиртов 1 418,0 Сопиева Айдай Джумакадыровна Алымбекова Эльнура Алымбековна
ОсОО “Суоми Групп” Производство пива 1 359,0 Шейитов Кубанычбек Турсунбекович Алымбеков Нуржигит Маратович, Шейитов Кубанычбек Турсунбекович, Нумминен Петри Олави, Садырова Айгерим Октябриновна
ОсОО “Тенгри Бир” Производство пива 1 100,0 Никонов Александр Владимирович Кылычов Руслан Мырзабекович, Никонов Дмитрий Владимирович, Никонов Александр Владимирович
ОсОО «Бишкек Реконс Трейд» Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 587,0 Вылегжанина Виктория Камильевна Смирнов Константин Николаевич
ОсОО “Алкоинвест” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 470,0 Дихтярь Константин Александрович Дихтярь Константин Александрович
ОсОО “АРСЛАНС Компани” Производство сидра и прочих плодово-ягодных вин 457,0 Догочиев Арслан Нурманбекович Догочиев Арслан Нурманбекович
ОсОО “Спиритус” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 263,0 Турумбеков Максат Турумбекович Сагындыков Арстанбек, Дихтярь Константин Александрович
Общество с ограниченной тветственностью “Азия импорт” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 217,0 Нургазиев Нурбек Качыкеевич Нургазиев Нурбек Качыкеевич
ОсОО «Буудай Арагы» Производство прочих недистиллированных напитков из сброженного материала 100,0 Медербек кызы Мунара Медербек кызы Мунара
ОсОО “КАРРЕФОР” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 100,0 Абдижамил кызы Даражан Абдижамил кызы Даражан
ОсОО “ВинГрад” Очистка ректификация и купажирование спиртов 100,0 Хегай Станислав Александрович Баркалбасов Нурбек Конокбаевич
ОсОО “Вимпекс” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 100,0 Багышбеков Азамат Телибаевич Багышбеков Азамат Телибаевич
ОсОО “РестоБар логистик” Оптовая торговля алкогольными и другими напитками 100,0 Токтобаева Асель Джыргалбаевна Токтобаева Асель Джыргалбаевна