(Кыргыз) Ажырашуулардын жана жетим балдардын саны өсүүдө — чындык

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

2020-жылдын 14-сентябрында өлкөнүн  башкы телеканалында теледебаттар башталды.

Алгачкы чыгарылышка  «Кыргызстан»,  «Реформа»,  «Афганистандагы согуш ардагерлеринин жана башка жергиликтүү чыр-чатактардын катышуучуларынын  саясий партиясы», «Мекеним Кыргызстан» жана «Мекен  Ынтымагы»  партияларынын  жаш өкүлдөрү катышты.

Дебаттын жүрүшүндө «Мекен Ынтымагы» партиясынын  өкүлү Мухаммед Агибаев үй-бүлө институтун кантип бекемдөө  керек деген суроого жооп берип атып,  акыркы жылдары ажырашуулар көбөйүп, жетим балдардын  саны өскөнүн айтты.

Factchek.kg  бул билдирүүнү текшерип көрдү.

Улуттук статистика комитетинин  маалыматына ылайык, соңку жылдары ажырашуулардын  саны менен жетим балдардын саны өскөн.

 

              

Жыйынтык: чындык. Соңку жылдары өлкөдө ажырашуулардын  саны өсүп,  жетим балдар  көбөйүүдө.