(Кыргыз) Россияда 1 февралдан баштап YouTube жабылабы? - Factcheck
Factcheck в Мире Избранное

(Кыргыз) Россияда 1 февралдан баштап YouTube жабылабы?

26.01.2021

(Кыргыз) Россияда 1 февралдан баштап YouTube жабылабы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Россияда YouTube хостингине тыюу салынары тууралуу маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен окурманыбыз редакцияга кайрылды. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик Дума «Ютубга» тыюу салган мыйзам кабыл алып, ал 2021-жылдын 1-февралынан тарта күчкө кирери тууралуу жана сайтка VPN аркылуу киргендерге айып пул салынары жөнүндө айтылат.   

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү. 

Издөө системаларынын жардамы менен жогорудагы жаңылыкты 2020-жылдын 14-декабрында бизге белгилүү болгон Panorama.pub сатиралык сайты жарыялаганын аныктадык. 

 

Эске салсак, Panorama.pub сайтында жарык көргөн бардык жаңылыктар тамаша иретинде ойлоп табылат. Тиешелүү билдирүү сайтта жазылган.  

Жыйынтык: фейк. Жаңылык сатиралык Panorama.pub сайтында жарыяланган.