Россияда 1 февралдан баштап YouTube жабылабы?
Россияда YouTube хостингине тыюу салынары тууралуу маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен окурманыбыз редакцияга кайрылды. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик Дума «Ютубга» тыюу салган мыйзам кабыл алып, ал 2021-жылдын 1-февралынан тарта күчкө кирери тууралуу жана сайтка VPN аркылуу киргендерге айып пул салынары жөнүндө айтылат.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.
Издөө системаларынын жардамы менен жогорудагы жаңылыкты 2020-жылдын 14-декабрында бизге белгилүү болгон Panorama.pub сатиралык сайты жарыялаганын аныктадык.

Эске салсак, Panorama.pub сайтында жарык көргөн бардык жаңылыктар тамаша иретинде ойлоп табылат. Тиешелүү билдирүү сайтта жазылган.

Жыйынтык: фейк. Жаңылык сатиралык Panorama.pub сайтында жарыяланган.
