(Кыргыз) КР президентинин идентификациялык номуру экөөбү?

(Кыргыз) Салык кызматынын маалымат базасында Жээнбеков Сооронбай Шариповичке эки идентификациялык номур таандык экенин аныктадык.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Салык кызматынын маалымат базасында Жээнбеков Сооронбай Шариповичке эки идентификациялык номур таандык экенин аныктадык. Президенттин эки башка салык төлөөчү идентификациялык номурлары ар кайсы дарек менен катталган.

Албетте, эгерде президент менен фамилия, аты жана атасынын аты, керек болсо туулган жылы дагы бирдей(1958), бирок 16-ноябрда эмес, 16-сентябрда туулган адам бар деп божомолдой труган болсок, анда сентябрда туулган Жээнбеков Малдыбаев көчөсүндө, ал эми ноябрда туулганы Шопоков көчөсүндө жашайт деп көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтында КР президенти Сооронбай Жээнбеков №1327 шайлоо чөлкөмүнө(Шопоков көчөсүнө жакын) катталгандыгы жазылып турат.

Ачык булактардан алынган маалыматтарга ишенсек, “Ататүрк” паркынын аймагында КР мамлекет башчысына таандык үй бар экендигин көрүүгө болот. 2012-жылы  time.kg басылмасы Малдыбаев көчөсүндө (“Ататүрк” паркынын чыгыш тарабы) жайгашкан жер үлүштөрүнө ээ болгон 113 адамдын тизмесин жарыялаган болчу. Алардын ичинде Сооронбай Жээнбековдун ысмын да жолуктурдук. Ал бул жер үлүштү парламенттин депутаты болуп турган мезгилде алган(1995-2005жж).

Бул маалыматтарды эске алуу менен эки башка ИНН бир адамга – КР президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго –  таандык деген жыйынтыкка келдик.

2016- жылы kloop.kg басылмасы эки идентификациялык номуру бар Кыргызстандын жарандарын ачыктаган. Мисал катары белгилүү саясатчыларды келтирген. Ошондо Албек Ибраимов, Фарид Ниязов, Темир Сариев, Канат Исаев, Аскар Салымбеков, Динара Исаеванын экиден идентификациялык номурлары бар экендиги аныкталган.

Биз аларды Мамлекеттик салык кызматынын маалымат базасы аркылуу текшерип көрдүк. Үч жыл ичинде эч нерсе өзгөргөн эмес. Жогоруда аты аталган саясатчылардын азыркы күнгө чейин экиден ИННдери бар.

Бул макаланы даярдоо учурунда биз өздөрүнүн экинчи идентификациялык номуру бар экендигин капыстан билип калышкан бир нече адамдарды жолуктурдук.

МСКнын маалымат катчысы Эркин Сазыков билдиргендей, мурда ИНН Социалдык фонд, эми 2016-жылдан баштап МКК тарабынан бериле баштаган.

«Ушундай болушу мүмкүн. 2016-жылга чейин ИННди Социалдык фонд, азыркы күнү МКК берет. Мындай көрүнүш жаңылыштыктан болушу ыктымал. Мисалы, бир адам ага туура эмес ИНН берилип калса, кийин кайра арыз жазып туура ИНН алды дейли. Ошондо адамдык фактордун айынан туура жана туура эмес ИНН экоо тең базада калып калышы ыктымал» – деди Эркин Сазыков.

Эркин Сазыков айткандай, Сооронбай Жээнбековдун экинчи ИННине азыркы күнгө чейин салык төлөмдөрү которулган эмес.  

Экинчи ИНН дайыма эле жаңылыш түрдө берилбей тургандыгын Kloop.kg макаласында жазып чыккан. Мында бир аял экинчи паспортун көз боемочулук үчүн колдонуп келгени айтылат.

«Эки ИИНи менен бул аял тендерлерге катышып бир топ келишимдерди түзгөнгө жетишкен. Бул убакыт ичинде ал 30 миллион сомдук товар саткан жана кызмат көрсөткөн», —  деп «Вечерний Бишкек» гезити Ысык-Көл ички иштер башкармалыгына шилтеме көрсөтүү менен жазып чыкты. 

Ушуга окшогон окуя Талас облусунда дагы катталган. Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө ылайык Соцфонддон мыйзамсыз түрдө алынган экинчи ИННди пайдалануу менен бир аял эки паспорт менен жүргөн.

Экинчи ИНН мыйзамды бузууга жол берет. Мисалы, экинчи ИНН менен салык төлөбөй жүрүүгө, экинчи паспорт, экинчи айдоочулук күбөлүктү, насыяларды алууга, фирмаларды, мүлктү каттоого жана никеге турууга болот.