(Кыргыз) Жаныбек Абиров, “Эмгек”: Биз Россиядан 150 миң доза вакцина күтүп атабыз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

6-апрелде КТРКнын түз эфиринде Бишкек шаардык кеңешине аттанган талапкерлердин дебаты болуп өттү. Дебатка “Кыргызстан демократиялык кыймылы”, “Тандоо эркиндиги”, “Ишеним”, “Замандаш” жана Эмгек” партияларынын өкүлдөрү катышты. 

“Эмгек” партиясынын өкүлү Жаныбек Абиров учурда Кыргызстан “Спутник V” вакцинасынан 150 миң доза күтүп атканын билдирди.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрүүнү чечти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 5-апрелде россиялык «Спутник V» вакцинасын сатып алууга Финансы министрлиги тарабынан 215 миллион сом бөлүнгөнүн айтты. Бирок ал учурда вакцинанын баасы тууралуу маалымдалган эмес:

Министр препараттын бир дозасы болжол менен $8-10 доллар турганын билдирип, бул тууралуу Россия Федерациясынын саламаттыкты сактоо министри менен сүйлөшөрүн кабарлаган.

6-апрелдеги брифингде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Улук-Бек Бектурганов учурда Өкмөт 118 миң адамды эмдөө үчүн Россиянын “Спутник V” вакцинасын сатып алууга кошумча каражат бөлүү жөнүндө буйруктун долбоорун даярдап жатканын билдирген.

Мындан тышкары, Кыргызстанга дагы 500 миң акысыз вакцина май айынын аягында же июнь айында келери айтылган.

Эске салсак, 19-мартта Кыргызстанга Кытайдан 150 миң доза вакцина келип түшкөн. Бир адамга 25-28 күн аралыкта экиден доза сайылат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 29-марттан 6-апрелге чейин 644 адам эмделген.

Жыйынтык: жалган. Кыргызстанга россиялык 500 миң “Спутник V” келип түшөрү күтүлүүдө. Мындан тышкары, Финансы министрлиги “Спутник V” вакцинасын сатып алуу үчүн 215 миллион сом бөлгөн. Бул каражат болжол менен 250 миң дозага жетет.