Factcheck.kg facebook соцтармагында чагымчылардын түйүнүн аныктады

11 месяцев назад
Иликтөөлөр

Factcheck.kg facebook.com соцтармагында 25 аккаунт, 18 топ жана 5 тен кем эмес баракча Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын идеясын жайылтып, кытайлыктарга каршы кастыкты козутуу менен алектенип жатканын аныктады. Ар бир топ 90 миңден ашык колдонуучуну камтыйт.

Топтор.

Топтордун көпчүлүгү 3 жыл мурда түзүлгөн. Алардын баары "Кадам" баракчасы менен байланышы бар. 25 топтун администраторлорунун 24ү фейк аккаунттар менен отурат, алардын арасында "Чубак Жалилов" аттуу фейк колдонуучу дагы аныкталган. Топтордун бири 92 333 колдонуучуга ээ ( facebookтагы таанымал кыргыз тилдүү топтордун бири).



аталышы

катышуучу

түзүлгөн күнү

1

Биз "ХИЖАБ" үчүн!

6681

08.09.2014

2

Билгим келет...

16920

10.10.2014

3

Дүйнө кече, бүгүн, эртең

3627

23.02.2015

4

"Хадис жана Аяттар@.

4825

06.05.2015

5

СМЫСЛ ЖИЗНИ - ЭТО ИСЛАМ

3721

16.05.2015

6

ИСЛАМДА БИРИГЕЛИ!

1110

25.07.2015

7

ЭЛИМ ҮЧҮН

12412

26.12.2015

8

ИСЛАМ ДҮЙНӨСҮ

10285

26.12.2015

9

ТАТТУУ ЖАЛГАНГА  КАРАГАНДА АЧУУ ЧЫНДЫК

8059

26.12.2015

10

ПИКИРИЙ     ЖЕТЕКЧИЛИК

1729

26.12.2015

11

ТАЛКУУ МАЙДАНЫ

1613

26.12.2015

12

ЭРКИН ТЕМА

1145

26.12.2015

13

ЖАШООНУН     МАҢЫЗЫ ЭМНЕДЕ?

2777

26.12.2015

14

АКЫРКЫ МААЛЫМАТТАР

92333

29.12.2015

15

САЯСАТ МАЙДАНЫ - МАЙДАН ПОЛИТИКИ

2573

13.01.2016

16

<<БЕЙИШ ЖОЛУ>>

8257

23.02.2016

17

~ИСЛАМ НУРУ~

2513

23.02.2016

18

Жаштар

2142

18.03.2016



Баракчалар.

Бул топ менен беш баракчанын байланышы бар жана интернет троллдору бир. Алардын ичинде 40 миңден ашык адам жазылгандары да жок эмес. Баракчалардын администраторлору Кыргызстан жана Украинадан деп көрсөтүлгөн.


Баракчалар

жакты

жазылгандар

түзүлгөн күнү

ИСЛАМ НУРУ медиа порталы

3266

3922

28.09.2015

Politumma.info

4731

5384

01.02.2016

Кадам

27968

40093

05.02.2016

Махмуд Абдумомин

734

809

10.12.2016

Кайдан? Эмнеге? Каякка?

1544

1691

16.04.2016


Мисалы, мамлекеттик органдардын баракчаларына 11 минден ашпаган колдонуучулар жазылган. "Кабар" маалымат агенттигинин колдонуучуларынын саны 13 миңден ашат.

Чагымчылардын тобу менен байланыштуу аккаунт

Аккаунттар.

25 аккаунттун 24ү фейк. Биз бул аккаунттар тууралуу буга чейин Хизбут Тахрир тууралуу тыюу салынган экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгү боюнча жазган макалабызда кененирээк айтып бергенбиз. Махмуд Абдумомин өзүнүн аты-жөнүн жана сүрөттөрүн жашырбастан эле Кыргызстанда тыюу салынган уюмдун өкүлдөрүнүн насааттарын жана жанылыктарды өз баракчасына жарыялай берет. Чубак Жалиловдун фейк аккаунту тууралуу жогоруда айтып өттүк.



аты-жөнү

байланыш маалыматтар

1

Абдулла Акчалов

 +**********78

2

Актилек Мухтар Уулу

 +*********63

3

Азамат Карыпбеков

d********[email protected]***.ru, +**********33, +996703******

4

Калыс Нарын

p********[email protected]*******.com, o**********[email protected]**.com

5

Асан Усон Уулу

s*********[email protected]

6

Абдуллах Умар Усманович

b*****[email protected]*****.net, +**********60

7

Дамир Жумгалов

d*****[email protected]

8

Кантемир Ташболотов

b****[email protected]*.ru

9

Эламан Карыбеков

a****************[email protected]***.ru

10

Абай Кашкаров

a**********[email protected]*.ru, +**********52

11

Aiperi Arslanova

 +**********74

12

Саламат Баласагинов

a********[email protected]***.ru

13

Урмат Орозбаев

u*************[email protected]*******.com

14

Аза Жоомартова

 +**********44

15

Санжар Сарыбагыш

 +**********42

16

Махмуд Абдулмумин

m*******[email protected]***.ru, +*********14

17

Alina Amina

a********[email protected]****.ru, +77782******

18

Aidar Aliev

a*********[email protected]***.ru

19

Нурбек Жордонов

z*******[email protected]***.ru, +996555******

20

Максат Каракозу

s******[email protected]***.ru

21

Усман Нурдинов

u********[email protected]***.ru, +*********62

22

Эсен Аманов

h****@m***.ru, +**********71

23

Нурдин Акматалиев

n********[email protected]***.ru

24

Чубак Жалилов

c***********[email protected], a*************[email protected], +**********92

25

Ансор Ансор

s******[email protected]**.us, m*******[email protected], +**********12


Мазмуну.

"Кадам" баракчасында 7-декабрдан 27-декабрга чейин (20 күн) кытайлыктарга каршы мазмундагы 28 материал жарыяланган. Негизинен фейк маалыматтары жайгаштырылат.



Бүтүм: Facebook.com социалдык тармагында фейк аккаунттардын тобу Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын аң-сезимине таасир кылуу максатында үч жыл мурда бир нече троллдорду жараткан.  Акыркы убакта басым кытайлыктарга каршы материалдарга жасалып, бул максатта чындыкка коошпогон фейктер жайылтылып жатат.