Редакциялык принциптер

Factcheck.kg редакциясы көз карандысыз коомдук массалык маалымат каражаты. Редакция өзүнүн миссиясын коомдун жана жарандардын кызыкчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык жүзөгө ашырат. Алардын ичинен:

  • «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  • «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө» мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» мыйзамы;
  • жана башка мыйзамдар.

Factcheck.kg редакциясынын кызматкерлери өз ишмердүүлүгүндө төмөнкү редакциялык принциптерди карманат:

 

Редакциялык көз карандысыздык жана кесипкөйлүк

Factcheсk.kg — коомдук, жеке, коммерциялык, саясий, диний жана башка кызыкчылыктардан көз карандысыз платформа. Редакция объективдүүлүк, абийирдүүлүк, инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоо жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоо принциптерин карманат.

Негизги максат – аудиторияга өлкөдөгү, аймактагы, дүйнөдө болуп жаткан окуяларга жеке пикир калыптандыруу үчүн объективдүү маалымат жеткирүү. Редакция теманы жана багытты өз алдынча аныктайт.

Бийликтин алмашуусу, анын ичинде өзгөчө кырдаалдар, массалык же башка баш аламандык, жумушка жана редакциянын көз карандысыздыгына таасирин тийгизбейт.

Окурмандардын ишеними — редакциянын башкы тапшырмасы.
Редакция жана кызматкерлер жеке жана мамлекеттик уюмдардан, жеке адамдардан акчалай жана башка сыйлыктарды алышпайт. Редакция сайтка жарнак жайгаштырбайт.

Редакция башка редакциялар менен биргеликте материал жасоого укуктуу.

Материалдарды башка редакциялар менен биргелешип чыгаруу редакциянын андан аркы ишинде өнөктөштөргө лоялдуу болууга милдеттендирбейт.


Чындык жана объективдүүлүк

Factcheck.kg редакциясы материалдарды даярдоодо фактыларга гана таянуу, алардын маанисин сактоо, бурмалоолорго жол бербөө, чындык жана объективдүүлүк принциптерин карманат. Макалалардын баштемасы мазмунуна дал келиши керек жана контексттен суурулуп алынбашы керек.
Материалдарды даярдоодо маанилүү маалыматтарды жашырууга, фактыларды бурмалоого жана аларды туура эмес чечмелөөгө жол берилбейт.

 

Жоопкерчилик

Макалалардын мазмуну үчүн, аудиторияга чынчыл жана өз убагында маалымат берүү үчүн редакция окурмандардын алдында жооптуу.

 

Редакциялык жоопкерчилик дегенибиз – бул маалыматты тактоо, текшерүү, фактыларды бурмалабоо, негизсиз чечимдерди чыгарбоо, материалды ойдон чыгарбоо. Редакция ката кетирген учурда анын кесепеттерин жоюу боюнча зарыл чараларды көрүп, төгүндөөнү жарыялоого милдеттүү.

 

Редакция карапайым адамдын кызыгуусунан эмес, маанилүү маалыматты алуу үчүн коомдун мыйзамдуу укугунан улам келип чыккан кийлигишүү болбогонуна көзү жетмейинче жарандардын жеке жашоосуна кийлигишпейт.

Редакция башкалардын интеллектуалдык менчик укуктарын жана автордук укуктарын сыйлайт, плагиатка жол бербейт.

 

Арыздарды кароо

Журналист же редакция тарабынан кесиптик этикалык жана укуктук ченемдер бузулган учурда редакция менен журналист бирдей жоопкерчиликке тартылат.

 

Этикалык нормалар бузулганына байланыштуу даттануулар жана арыздар жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн даттанууларды караган комиссияга жөнөтүлөт же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.