Биз жөнүндө

“Медиа өнүктүрүү” коомдук фонду Кыргызстандагы сөз эркиндигин колдоо максатында түзүлгөн. Анын ичинде журналисттик бийик стандарттарды калыптандыруу аркылуу ЖМКлардын өз ишине болгон жоопкерчилигин өнүктүрүү, медиага байланыштуу мыйзамдардын натыйжалуу иштөөсү үчүн уюштурулган иш-чараларга катышуу, калктын медиа маалыматтык сабаттулугун жакшыртуу жана фактчекингди өнүктүрүү жана маалыматты текшерүүнү калыптандыруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп келет.

Мындан тышкары, “Медиа өнүктүрүү” борбору “Factcheck.kg” товардык белгисин 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Товардык белгилеринин мамлекеттик реестринде мамлекеттик каттоодон өткөргөн.

Factcheck.kg командасы социалдык, экономикалык, саясий, маданий жана башка тармактагы социалдык маанилүү темаларды чагылдырууда чоң тажрыйбасы бар кесипкөй журналисттерден түзүлгөн.

Редакциянын курамы: 

Нургүл Абдыкеримова — долбоордун автору жана негиздөөчүсү

Нуржан Мусаева — долбоордун координатору

Ярослав Тартыков — редактор

Асель Сооронбаева — кыргыз тилдүү редактор

Елизавета Умурзакова — орус тилдүү редактор

Арген Камалдинов — журналист, фактчекер

Руслан Тартыков — журналист, фактчекер
Авторлор жана редакторлор тууралуу кененирээк бул баракчадан окуңуз.

Factcheck.kg долбоорунун концепциясы

долбоордун миссиясы:

Пост-чындык саясатына каршы туруу жана Кыргызстанда медиа маалыматтык сабаттуулуктун жана сынчыл ой жүгүртүүнүн деңгээлин жогорулатуу. Атап айтканда:

  • кесипкөй медиа чөйрөдө сапаттуу жана чынчыл маалыматты жайылтуу;

·       керектөөчү чөйрөдө маалыматты аң-сезимдүү жана сынчыл кабыл алуу маданиятын жайылтуу.

 

Долбоордун максаты:

Жалган маалыматка, маалыматтык манипуляцияга жана пропагандага каршы күрөшүү жана ошондой эле сапаттуу жана ишенимдүү контентти жайылтуу

Долбоордун тапшырмалары:

  • социалдык маанилүү жана резонанстуу жаңылыктарга, фактыларга, цифраларга, ошондой эле коомдук ишмерлердин билдирүүлөрүнө  туруктуу мониторинг жүргүзүү жана алардын аныктыгын текшерүү аркылуу фейк жаңылыктардын манипуляциялык таасирин азайтуу;
  • «жыйынтыгын» жарыялоо – жалган, чын, жартылай чындык, манипуляция, өкүмсүз – далилдер аркылуу текшерүүнүн методологиясын баяндоо;
  • калк арасында медиа-маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча маалыматтык кампанияны өткөрүү.

Финансылык колдоо:

Factcheck.kg редакциясы көз карандысыз аянтча болуп саналат жана макалаларда үгүт жана жарнама элементтери бар, ошондой эле башка мыйзамсыз мүнөздөгү маалыматтарды жайгаштыруу сунуштарынан кескин түрдө баш тартат. Биздин долбоор мамлекеттик органдар, псевдомамлекеттик сектордун компаниялары жана коммерциялык уюмдар менен келишимдик же оозеки түрдө эч кандай байланышта эмес.

Долбоорго финансылык колдоо көрсөткөн уюмдар:

«Сорос-Кыргызстан» фонду

Кыргызстандагы Internews Network уюмунун өкүлчүлүгү

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык комиссиясы

Canada Fund for Local Initiatives