WhatsApp’та cиздин телефонуңузга бузуп кире алган еврей конуштарындагы салгылаштардын сүрөттөрү таркатылуудабы? Текшеребиз

Еврей конуштарындагы салгылаштардын сүрөттөрүнүн таркатылышы тууралуу маалыматтын аныктыгын текшерип берүү өтүнүчү менен биздин редакцияга кайрылышты. Бул маалымат боюнча, сүрөттөрдүн файлын ачканда колдонуучунун телефонун 10 секундда бузуп кирсе болот экен.

NBC News басылмасынын маалыматы боюнча, ушуга окшош таркатмалар WhatsApp’тын англис тилдүү колдонуучулары арасында октябрда таркатыла баштаган. Басылма билдиргендей, WhatsApp компаниясынын өкүлдөрү киберчабуул кылуу мүмкүн болгон таркатмалар чындыгында болгон эмес дешкен.

Бул таркатмадагы маалымат быйыл сентябрда популярдуу болгон жалган таркатманын текстин толук кайталайт. Анда да WhatsApp колдонуучулар арасында Мароккодо 8-сентябрда болгон зилзаланын сүрөттөрүнө жашырылып телефонго бузуп кире алган “Seismic Waves Card” файл таркатылган имиш. Snopes басылмасы да WhatsApp’тын өкүлдөрүнө кайрылып, бул таркатма боюнча маалымат алышкан. Компаниянын өкүлү бул жалган ушактар экенин билдирген.

An apparent hoax on WhatsApp made mention of a hack along with something about a Seismic Waves CARD and photos of the Moroccan earthquake.

Котормо: «Мароккодогу зилзаланын бир нече сүрөтүн WhatsApp’ка жүктөгөнү жатышат. Файлдын аталышы Seismic Waves Card, аны ачпагыла жана көрбөгүлө, ал силердин телефонуңарды 10 секунданын ичинде бузуп кирет, аны эч токтото албайсыңар. Бул билдирүү менен үй-бүлөңөр жана досторуңар арасында бөлүшкүлө.

АНЫ АЧПАГЫЛА. Бул тууралуу телеберүүдө да айтылган».

Өзүңөр байкагандай, билдирүүлөр окшош.

Ал эмес жакында ушундай эле таркатма Колумбиянын Кальвародогу жер титирөөсүнүн сүрөттөрүнө байланыштуу таркатылды. Euro.ESEuro басылмасынын билдирүүсүндө, вирустук чынжырча Facebook, X (мурдагы Twitter), TikTok жана WhatsApp тармактарында бери дегенде 25-августтан тарта жарыяланып келген. Басылманын маалыматы боюнча, ушул эле билдирүү мурда коомдук тармактарда жарыяланган, бирок анда Чилидеги вулкандын сүрөтү аталган. Ошондо эле испандык Киберкоопсуздук боюнча улуттук институт алар эч бир киберчабуулдарды каттабаганын, ал эми билдирүү жалган экенин айтып чыккан болчу.

Тыянак: жалган. Ушуга окшош билдирүүлөр ар түрдүү сүрөттөрдү атоо менен интернет тармагында бери дегенде августтан тарта таркатылып келет. WhatsApp’тын өкүлдөрү бул тарткатмадагы маалымат чындыкка жатпаганын билдиришкен.