Текстке олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү

Фактчекинг материалдарына олуттуу өзгөртүүлөр киргизилсе:

  • текшерилип жаткан маалыматтын маңызын олуттуу түрдө өзгөрткөн такталган толуктоолор;
  • жыйынтык-бүтүмгө бир же бир нече пункттан турган толуктоо;
  • маалымат булагы өчүрүлгөнүнө же жокко чыгарылганына байланыштуу өзгөртүүлөр;
  • жаңы ачылган фактыларга жана/же статистикага байланыштуу толуктоолор

Редакция сөзсүз түрдө төмөнкү кадамдарды жасоосу кажет:

  • материалдын өзгөрүүгө учураганы тууралуу макаланын сап башында билдирүү жасоо, социалдык тармактарга макаланы кайрадан чыгаруу жана анын өзгөргөндүгү тууралуу кыскача маалымдоо;
  • редакциялык ката келтирилген учурда (маалымат булагы ишенимдүү эмес же ката болсо) же чакан техникалык ката (мисалы, сандардан, каармандын аты-жөнүнөн ж.б. ката кетсе) — материалды социалдык тармактарда келтирилген мүчүлүштүк тууралуу кыскача белгилеп, окурмандан кечирим сурап, кайрадан чыгаруу кажет.
  • жыйынтык өзгөрүүгө учураса билдирүүнүн авторунан жана окурмандан кечирим суроо.

Текстке чакан өзгөртүүлөрдү киргизүү

Материалга чакан өзгөртүүлөр киргизилсе:

  • орфографиялык жана грамматикалык ката;
  • бир абзацтан көп эмес жана макаланын жыйынтыгына таасир этпеген кошумча өзгөртүүлөр (жаңы булактар, маалыматты тактоочу, тастыктоочу кошумчалар, жыйынтыкты кененирээк түшүндүрчү өзгөртүүлөр ж.б.

Материалга чакан өзгөртүүлөр киргизилген учурда редакция социалдык тармактарда материалды жаңылоо жана кайра жарыялоо жөнүндө билдирүүнү жарыялоону өз каалоосу боюнча калтырат.

Бул эрежелер бардык фактчекинг материалдарына, иликтөөлөргө таандык, ал эми медиасын рубрикасына тийиш эмес. Антсе да, эгерде медасында болгон бүтүмдү түп-тамырынан бери өзгөртө турган далилдер ачык булактардан табылса, редакция олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген учурда карманган эрежелерди сактоого милдеттүү. 

Кайсы гана материал болбосун, аны колдонуу үчүн factcheck.kg сайтына шилтеме берүү шарт.