Factcheck.kg сайтында “Фактчек”, “Журналисттик иликтөө жана “Медиасын” аттуу үч негизги рубрика бар. Материалдарды тандоодо жана макалаларды даярдоодо редакция ар бир формат үчүн төмөнкү критерийлерге таянат:
«Фактчек» рубрикасы
“Фактчек” рубрикасындагы материалдар төмөнкү критерийлер боюнча тандалат:
- Текшерүүгө мүмкүн болгон фактылар;
- Маалымат массалык маалымат каржаттарында, социалдык тармактарда, мессенджерлерде жарыяланган;
- Маалымат коом үчүн маанилүү жана актуалдуу маселелерди камтыйт;
- Окурмандардын редакцияга маалыматты текшерүү өтүнүчү менен кайрылуусу.
Иликтөө объектилери: текшерүүгө мүмкүн болгон билдирүүлөр, резонанс жараткан фактылар.
Маселенин маңызы: кошумча тактоону камсыз кылган жана далилдик элементтердин алдында турган маалыматтык преамбула.
Далилдер жана аргументтер:
- ачык расмий булактардан гана алынган фактылар, статистикалык маалыматтар, документтер жана документалдык далилдер;
- документалдуу далилдер же ачык булактарга шилтемелер менен тастыкталган эксперттердин маалыматы.
Жыйынтык: жыйынтык-өкүм (жалган, чын, жартылай чындык, далилденген жок, манипуляция) кыска жүйөлүү түшүндүрмө менен берилет.
«Иликтөө» бөлүмү
“Иликтөө” бөлүмүндөгү материалдар төмөнкү критерийлерге дал келүүсү шарт:
Иликтөө объектиси:
- белгилүү, резонанс жараткан факт;
- изилдөөнү талап кылган окуя;
- анализди талап кылган көрүнүш;
- төгүндөөгө же тастыктоого тийиш болгон бидирүү;
- аныктыгы же анык эместиги далилденүүгө тийиш болгон документалдуу далилдер/документ.
Далилдөө базасы:
- ар кандай статистикалык маалыматтар, документтештирилген фактылар, окуянын катышуучуларынын жана күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрү;
- колдонулган документтер жана фактылар расмий жана инсайдерлик булактардан болушу мүмкүн.
Эксперттин комментарийи же бүтүмү иликтөөнүн бүтүмүн тастыктайт, далилдердин базасын ырастайт же жокко чыгарат; субъективдүүлүккө жол бербөө үчүн, адатта, эки же андан көп эксперттин комментарийлери колдонулат.
Жыйынтык: иликтөөнүн жалпы маалыматтарынын анализинин квинтэссенциясы.
«Медиасын» бөлүмү
Тандоо критерийлери:
- коомдук резонанс (социалдык тармактарда);
- коомдук жайылтуу.
Сын-пикирдин субъектилери: окумуштуулар, журналисттер, коомдук ишмерлер, саясатчылар.
Сын-пикирдин объектилери: массалык маалымат каражаттарына жарыяланган материалдар, коомдук ишмерлердин, саясатчылардын жана окумуштуулардын билдирүүлөрү.
Материалды баалоо индикаторлору:
- манипуляция;
- пропаганда;
- кастык тили;
- журналисттин этикалык кодекси;
- мыйзамдар жана жоболор.
Индикаторлордун методологиясы жана классификациясы илимий изилдөөлөргө же макалаларга шилтеме менен көрсөтүлөт.
Жыйынтык: жалпы маалыматты аналидөөнүн квинтэссенциясы.
Материалдарды визуалдаштыруу
Кабыл алууну жеңилдетүү жана аудиториянын кызыгуусун арттыруу үчүн редакция эң резонанстуу жана актуалдуу материалдарды визуалдаштырат.
Видео-материалдарды бул жерден көрсөңүз болот.