Factcheck.kg командасы

Factcheck.kg командасы социалдык, экономикалык, саясий, маданий жана башка тармактагы социалдык маанилүү темаларды чагылдырууда чоң тажрыйбасы бар кесипкөй журналисттерден түзүлгөн.

Ярослав Тартыков — иликтөөчү журналист, фактчекер, редактор.

TRACK иликтөөчү журналистика Мектебинин бүтүрүүчүсү. Коомдук резонанс жараткан бир нече иликтөөнүн тең автору.

Асель Сооронбаева — журналист, медиа-тренер. TRACK иликтөөчү журналистика Мектебинин жана CABAR.asia аналитикалык журналистика Мектебинин бүтүрүүчүсү. Кыргызстандагы Internews өкүлчүлүгүнүн дата-журналистика боюнча стипендиялык программасын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн медиасынчыларынын онлайн-семинарын аяктаган. Кыргыз тилдүү редактор. Коомдук резонанс жараткан бир нече иликтөөнүн жана дата-материалдардын тең автору. Фактчекинг, дата-журналистика жана медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча ондогон тренингдерди өткөргөн.

Елизавета Умурзакова — журналисттик кесипти 2013-жылдан бери аркалап келе жатат. Экономика маселелерин чагылдырган журналист. Иликтөөчү жана дата-журналист. Татаал маселелерди жөнөкөй, жалпак тилде берет. Akchabar, Economist, Politmer басылмаларында эмгектенген.  CABAR.asia иликтөөчү журналистика Мектебин аяктяган.  Коомдук резонанс жараткан бир нече иликтөөнүн тең автору.

Арген Камалдинов —  2015-жылдан тарта журналист. Учурда фактчекинг, журналисттик иликтөөлөр менен алектенет.