Путин Зеленскийдин катышуусундагы дебатты көргөнбу?

4 месяца назад
Factcheck
Factcheck в КР

Путиндин телевизор көрүп отурган сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Ал көрүп аткан сыналгыдан Украинадагы президенттике талапкерлер Петр Порошенко жана Владимир Заланскийдин дебаты түз эфирде көрсөтүлгөн өңдөнөт.

 «Маша жана медведь» мультфилмин «кремль пропагандасы» деп атаган The Times макаласын талкуу учурунда дал ушул сүрөт колдонулган. Бирок анда сыналгыдан дебат эмес, мультфильмди көрүүгө болот.

http://factcheck.kg/froala/uploads/318ecf303891524d4eb784639df341712792de1c.JPG

Ал эми сүрөттүн оригиналын сапаты мыкты сүрөттөрдүн сайттарынан тапса болотhttp://factcheck.kg/froala/uploads/3298f4e68c3f1672928d424659a42b068953e058.JPG

Мүнөздөмөдө Алексей Дружинин Путинди параолимпиадалык оюндарды көрүп аткан учурда тартып алганы айтылат. Сүрөт 2012-жылдын 1-сентябрында президенттин Ново-Огареводогу резиденциясында тартылган.

Жыйынтык: 

Украинадагы президенттик жарыштын катышуучулары Порошенко менен Зеленскийдин дебатын көрүп отурган Путиндин сүрөтү чындыкка дал келбейт, ал фейк.