Лавров Малаховду кыргыз элинен кечирим суроого үндөдүбү? Текшеребиз

1 месяц назад
Factcheck

2019-жылдын 28-сентябрында социалдык тармактарда Орусия министри Сергей Лавров Малаховду кыргыз элинен кечирим суроого үндөгөнүн "тастыктаган" маалымат пайда болгон:  

 «БУУнун штаб квартирасы жайгашкан даректи алмаштырууга убакыт келди»,  «Малахов бүтүндөй кыргыз элинен кечирим суроосу керек»,- деген сыяктуу чакырыктар Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине чын эле таандыкпы? 







Посмотреть эту публикацию в Instagram









Лавров: Андрею Малахову, необходимо извиниться перед всем народом Кыргызстана! Не забывайте, что если бы великий полководец Тамерлан в свое время не спас Россию от гонения своих сородичей тюрков, убив собрата Тохтамыша, нас бы сейчас не существовало как наций. Кыргызы являются частью великого тюркского народа и мы не имеем никакого морального права оскорблять их. Напомним, 24 сентября в передаче «Прямой эфир» на канале «Россия 1» Малахов в своем ток-шоу допустил, что Акбаров мог умышленно устроить ДТП. "Дай ему сто тысяч долларов, и они сделают счастливыми всю его семью, весь аул, родственников, и до конца их дней им не заработать таких денег, где зарплата десять долларов", - заявил ведущий. #Kyrgyzstan#peace

Публикация от  Сергей Лавров (@sergei__lavrov)

Лавровдун «чакырыгы» кыргызстандык соцтармактардын колдонуучуларынын арасында чоң резонанс жаратты. Дал ошол себептен улам, Factcheck.kg маалыматтын чын-төгүнүн бышыктап көрүүнү чечти.  

Google аркылуу «инстраграм Сергей Лавров» деген сөз айкалышын терип, издөө салганыбызда, Лавровдун инстаграмдагы расмий аккаунтуна туш болобуз: https://www.instagram.com/s.v.lavrov


Аталган аккаунттун баракчасында жарыялаган маалыматтын ичинен бизди кызыктырган постту таба алган жокпуз. 

 @sergei__lavrov аттуу баракча төмөнкүдөй көрүнүштө: 

Министрдин расмий аккаунту 2015-жылдын 18-январынан тарта иштеп баштаган:

Анда бардыгы болуп 37 пост жарыяланып, 29-сентябрга чейинкилери 1/ 1,5 ай сайын чыгып турганын көрсө болот. 37 посттун ичинен 35и Лавровдун ишине байланышкан жана анын түрдүү иш-чараларда сүйлөгөн сөздөрү, ТИМдин ишин чагылдырган ММК макалаларынан алынган маалымат.  26-августка чейин жарыяланган цитаталардын жана чакан маалыматтын анык экенине ынанса болот.  Ал эми 28-августтан тарта түрдүү маалымат күн сайын жарыяланып баштаган, бирок расмий түрдө тастыкталган эмес.  

Мындан тышкары, Лавровдун аккаунтундагы Малахов тууралуу чыккан посттун булагы көрсөтүлбөгөнүн жана ага окшош маалымат башка ачык булактардан табылбаганын белгилеп кетүү зарыл.   

 

Ал эми 2019-жылдын 28-сентябрында Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министри Малаховдун телеберүүсүнө карата расмий билдирүү жайылткан:

Министрликтин пикири соцтармактарда жайылган маалыматка шайкеш келбей турганы анык болду.  

Жыйынтык:

Малаховду кыргызстандыктардан кечирим суроого үндөгөн маалымат - фейк. 

Текшерүүгө кабылган пост Сергей Лавровдун аккаунтуна чындап таандык экенин далилдөө мүмкүн эмес. Министрдин расмий баракчасында, жеке аккаунтунда жана россиялык ЖМКларда Малаховду кыргызстандыктардан кечирим суроого үндөгөн маалымат табылган эмес. Мындан тышкары, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсү Лавровдун "чакырыгынан" кескин айырмаланат.