Атамбаев Уланбек Эгизбаевди жумуштан кетирүүнү суранган эмес

1 год назад
Factcheck
Factcheck в Мире


Белгилүү журналист Асель Оторбаева Facebook-баракчасында  жазган постунун алдына 100гө жакын адам комментарий калтырып, 23 адам өз баракчаларына бөлүшкөн. 


Бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерүү максатында биз ошол жолугушууда түздөн-түз катышкан адамдарга кайрылдык. 

Алмаз Усенов (КР Президентинин аппаратынын экс-жетекчиси): "Жок, бул тууралуу сөз болгон эмес, бул калп".

Венера Сагындык кызы -  РСЕ\РС кыргыз кызматынын директору, "Азаттык" радиосу:   "Мындай сөз болгон эмес. Улан тууралуу бир да сөз болгон жок. Сүйлөшүүдө тескерисинче башка аттар, анын ичинде менин атым да айтылган."