(Кыргыз) Максим Бакиевдин мурдагы өнөктөштөрү Кыргызстанда жана Англияда бизнес менен алектенишет

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин тарапташтары Алексей Ширшов, Михаил Надель, Евгений Гуревич жана Алексей Елисеев сот тарабынан “кылмыштуу кирешелерди легализациялоо” жана “опузалап пара талап кылуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Бирок бүгүнкү күнгө чейин алардын баары эркиндикте жүрөт жана айрымдары Улуу Британияда жана Кыргызстанда бизнес менен алектенишет.

Factcheck.kg бул тууралуу кененирээк айтып берет. 

Михаил Надель – “Азия Универсал Банктын” директорлор кеңешинин мурдагы жетекчиси. Апрель окуясынан кийин ал 30 жылга эркинен ажыратылган. 2015-жылдын февраль айында сот аны Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо» жана «Кылмыштуу аракеттерге шериктеш болуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Үстүбүздөгү жылдын башында Михаил Надель ысымын алмаштырып, Майкл Строгонов аталып калганын Bloomberg маалымдаган. Британиядагы корпоративдик документтерде ал өзүн Италияда жашаган орус деп көрсөткөн.

Бүгүнкү күндө Михаил Надель Улуу Британияда ишкерлик менен алектенип, каржы технологиялары боюнча адистешкен Dzing Finance Ltd аттуу компанияга ээлик кылат. Аталган компания 2018-жылы негизделген. Bloomberg маалыматы боюнча, бул шектүү финтех- компаниялары күн сайын болжол менен £1,4 млрд которууга жардам берет.

 

 

Алексей Елисеев  Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчисинин мурдагы орун басары. Ал сегиз жылга эркинен ажыратылып, апрель окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Елисеев кыргыз ЖМКларына интервью берип, сыртынан соттолбогонун жана “мунун баары төңкөрүштү жасаган бийликтин ойлоп тапканы” деп айтып келет. Ал азыр Ригада жашап, консалтинг жана юридикалык тармактарда түптөлгөн бизнеске ээлик кыларын билдирген. 

 

Евгений Гуревич MegaCom компаниясынын стратегия жана корпоративдик финансы боюнча директорунун мурдагы орун басары. Bloomberg маалыматына ылайык, 2016-жылы Гуревич Бакиевдерди АКШ бийлигине өткөрүп бергиси келгенин билдирген. Сот документтери көрсөткөндөй, ал алты ай бою Бакиев жана анын шериктери менен узак саатка созулган сүйлөшүүлөрүн жашыруун жаздырып, аларды инсайдердик соодалашкан деп айыптоого аракет кылган. Бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин Гуревич тергөөнүн өнүгүшүнө кийлигишип, анын ишенимине шек келтирүүнү чечкен. Ага буга чейин Бакиевдердин Беларустагы баш калкалоочу жайына ыраазы болгондугу себеп болгон.

Максим Бакиевдин дагы бир тарапташы Рифат Утюшев Бакиевдин тушунда ачылган КР Өнүктүрүү фондунун каржы директору болуп иштеген. 2017-жылы Минск шаарындагы «Беларусь улуттук биотехникалык корпорациясы» ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Эске салсак, аталган компанияны мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов жетектейт. Үсөнов учурда Беларуста Даниил Урицкий деген ысым менен белгилүү. 

Белгилей кетсек, апрель окуясынан кийин Утюшевге кылмыш иши козголгон эмес. Ал Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишкерлик менен алектенет. Osoo.kg сайтынын маалыматына ылайык, ал бир катар компаниялардын негиздөөчүсү:

“Бенконс Азия” мыйзамсыз курулуш иштери менен алектенген компаниянын негиздөөчүсү экени тууралуу “ПолитКлиника” басылмасынын иликтөөсүндө айтылат. Аны менен катар мурдагы  вице-премьер-министр Кубатбека Бороновдун уулу Эркин Боронов курулуш компанияга ээлик кылары айтылат.

 

Алексей Ширшов – “Дастан” трансулуттук копрорациясынын мурдагы жетекчиси. Ал Максим Бакиевдин жакын тарапташы экенин жана 2010-жылы Украинага, андан соң Ригага көчүп кеткенин ММКлар маалымдайт. Журналист Сыргак Абдылдаевдын айтымында Ширшов Россияга жана Израилге тез-тез барып, энергетика тармагынын жетекчилерине кеңеш берүүнү уланткан.

2022-жылдын май айынын башында УКМК Ширшовдун кармалганын, бирок бир нече сааттан кийин ал үй камагына чыгарылганын билдирген. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз кезегинде Алексей Ширшовдун жардамы менен качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим өлкөдөн чыгарып кеткен 200 миллион долларды кайтаруу пландалып жатканын түшүндүрдү.

Ал эми Максим Бакиев Англиянын түштүк-чыгышындагы Лондонго жакын Суррей округундагы аймакта жашарын “Азаттык” маалымдайт. 

Эки кабаттуу үйдө кинотеатр, бассейн, заманбап коопсуздук жабдуулары бар. Тасманы тартуу учурунда үйдүн ичинде 2016-2017-жылкы төрт унаа токтоп турган. Үй 5,5 миллион долларга бааланган.

 

 

Эске салсак, былтыр кышында Кыргызстанга Ригадан жеке менчик учак келип, өлкөдө бир жума болгон. Социалдык тармактардын колдонуучулары Кыргызстанга Максим Бакиевдин жакындары келген деп шектенишкен. Жарым жылдан кийин Алексей Ширшов жарактуу кыргыз паспорту менен Кыргызстанга кайтып келген.